Menu

Иран президенти ТИМ башчысынын отставкасын кабыл алган жок

Бөлүшүү:

Ирандын президенти Хасан Роухани 26-февралда өлкөнүн тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин отставкасын кабыл алган жок.

Жавад Зариф кызматтан кете турганын 25-февралда “Инстаграмдагы” баракчасына жазган. Анын чечиминин себеби айтылган эмес.

Буга чейин Роухани Зарифке кызматы үчүн ыраазычылык билдиргенин кабарлаган. Бирок отставканы кабыл алар-албасын тактаган эмес.

27-февралда Мухаммед Зариф БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин жыйынына катышуусу керек болчу. Бирок сапар токтотулган.

Жавад Зариф Ирандын Тышкы иштер министрлигин 2013-жылдан бери жетектеп келген. Ал 2015-жылы дүйнөлүк державалар менен кол коюлган өзөктүк келишимге жооптуу болгон.

Былтыр майда АКШ президенти Дональд Трамп макулдашуудан чыгарын, Иранга каршы санкцияларды кайрадан жандандырарын жарыялаган.

Америка менен Израиль келишимге карабай, Иран жашыруун түрдө өзөктүк куралдарды чыгарып жатат деген пикирде. Тегеран бул айыптоолорду четке кагып келет. Евробиримдик АКШны колдобой, америкалык санкциялардан баш тартуу боюнча өзүнчө чараларды кабыл алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: