Menu

Кыргызстанда эт көп өндүрүлө баштады

Бөлүшүү:

2018-жылы Кыргызстанда 403,3 миң тонна малдын жана тооктун эти өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Азыктын бул түрү боюнча эң көп өндүрүш (92 миң тонна) Чүй облусуна туура келет. Андан кийинки орунда Ош облусу (83 миң тонна), Жалал-Абад облусу (83 миң тонна) жана Ысык-Көл, Нарын облустары (53 миң тоннадан) турат. Калган өндүрүш Баткен, Талас облустарына жана Бишкек, Ош шаарларына туура келет.

2017-жылы өлкөдө 395 миң тонна эт өндүрүлгөн.

Чет жакка жылына эттин өзү канча көлөмдө сатылганы белгисиз. Улуттук статистика комитети эт жана эт азыктарын кошуп санаганда 2017-жылы 1190,5 тонна өндүрүм чет өлкөлөргө жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

Кыргызстан өндүргөн этти негизинен Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөргө, коңшу мамлекеттерге жана араб мамлекеттерине экспорттору маалым.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: