Menu

Туй аке Сокени эмнеге тескери кадамдарга түртүүдө?

Бөлүшүү:

Акыркы учурда бизнес-класска түшкөндөр капысынан эле Атамбаевге учурап калышчу болду. Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов да Дубайга учуп бараткан учакка отура калып, өзү да күтпөгөн тейде экс-президентке кезиккен жомогун айтуудан чарчай элек. Бирок, бул боюнча Туй байкенин айтканы куудулдар айтмакчы, “эки ачакей, үч ачакей” чыгып жатканы өзүнө сезилбей жаткандай. Айрым маалымат каражаттарына Дубайга президент Жээнбековдун түздөн-түз өтүнүчү менен ал жакта ошол убакта эс алып жүргөн Атамбаевге жолугуу үчүн барганын жаздырган. Ал араздашкан эки дос жараштыруучу ортомчу катары так өзүн тандашканын сыймыктануу менен белгилеткени билинип эле калган.

Анан эле андан көп өтпөй, айтканын жымсалдап Араб Эмиратына жөн эле баратып, капысынан учактын ичинен Атамбаевге туш болуп калганын билдире баштады. Атамбаев мурдагы каршылаштарым, же дос болуп жүрүп, тетири басып кеткендердин кимиси учакка түшүп калаар экен деп ошол жерде эле күтүп отурат окшойт. Анан эле мурдагы жана азыркы президенттерди жараштыруу озуйпасын моюнуна артып алды. Ар бурчта эки президенттин жарашуусу элдин биримдигин бекемдээрин кыйкырып баштады. Аны угуп биринчи “Атамбаев менен өзүн жарашып алчы” дегиң келет. Анткени, илгерки достугуна таянып Атамбаевдин доорунда жакшы эле жашоо сүрдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын башына конуп, бир канча жыл колунан чыгарбады. Анын деңгээли, дарамети бул кызмат ордуна туура келбешин канчалар канкакшап айтышты, а бирок президенттин досуна кимдин алы жетет эле. Атамбаев бийликтен кеткенден кийин Туй байкенин да маанайы ылдый түштү. Кызмат үчүн эч нерседен тартпаган адам экени ошондо билинди, эски досунун артынан суу бүркүп, жамандап, жаңы бийликти жактап, мактап жатып азыркы кызматын алып тынды. Эми жөн отура бербей эки досту жараштырат имиш.

Акыркы кездеги бул кишинин аракеттерин байкап көргөндө, эмнеге мурунку жана азыркы мамлекет башчыларын жараштырууга жанталашып жатканын баамдоого болот. Ал өкмөт башчылык орунга сугун арта баштаптыр. БШКны досунун таасири менен жетектеп, андан кийин бир облустун башчылыгында отуруп койсо эле, өкмөттү жөндөп кете алам деп ойлогон го. Жээнбеков менен Атамбаевдин таарынышып, далы салышып жүргөнү баарына белгилүү. Абдраимов так ушундан пайдаланып, тигине бир чуркап, далыга таптап, буга келип бал тилин салып жумшартып, экөөн жараштырып салса эле, ортодогу өзүнө пайда болоорун билет. Жээнбеков да, Атамбаев да ыраазы болот дегендей, улуу элдештиргич катары өкмөт башчылыгына кантип татыктуу болбойун деген ойдун жетегинде да Жакында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кемин жана Москва райондорунун акимдерин иштен алуу сунушун келтирген болчу. Бул Чүйдүн губернатору, айтылуу Туй акенин ачуусун келтирди.

Өкмөткө каршы туруп, акимдерин коргоого алды. Ал вице-премьердин бул сунушун өзү менен макулдашып, акылдашпаганы үчүн жектегенин кийинки айтылган сөздөрүнөн билдирип койду. Бир Дубайга барып, Атамбаевди акелеп, кайра Кыргызстанга келип, Акүйгө кирип дагы бирөөнүн алды-артынан өтүп жүргөнүнө өзүн абдан маанилүү адам сезип алганбы, “менин акимдеримди кызматтан алууга сенин кандай акың бар”- деп өкмөткө тиш көрсөттү. Мындай темп менен кете берсе, аз күндө өзүн “Кыргызстандын королу” сезип алаары да бышык.

Айрым маалыматтарга караганда, Абдраимов өкмөт башчылыгына өзүнчө эле кам уруп, ал турмак башкалардан да кызгана баштаптыр. Өзүнүн жердеши Темир Сариевдин болуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин билгендиктен, алдын ала Сариевди ары түртүп, алдыдагы жолду өзүнө бошотуу камылгасында. Ал жалгыз да эмес, депутат Канат Исаев экөө чогуу эки чоң чокуну мелжеп жатканы айтылууда. Ар кайсы булактардан алынган маалыматтарга таянсак, Абдраимов менен Канат Исаев Чүй кланын жаңы баскычка көтөрүү пландарын түзө башташыптыр. Эгер пландары ишке ашып кетсе, Туй байке Абылгазиевдин, Исаев жок эле дегенде спикер Жумабековдун ордуна отурушат имиш. “Ачка тооктун түшүнөн акталган таруу кетпейт” дегендей, жанталаша жүгүрүп, эки досту элдештире коюп, “тарыхта” атын калтырууга жакшы эле аракет кылып жатат. Бул жагынан алганда ал өз деңгээлин өтө эле жогору көрүү боюнча алдына адам салбайт. Буга чейин көп эле жетекчилик кызматтарда иштеди. Биринде да жигердүү иш аракети менен коомчулуктун көзүнө көрүнбөдү. Ат да өлбөсүн, араба да сынбасын дегендей ал кызматтан кайтаар убактысы болгуча кыбырайт. Тепкичи да ылдый, жоопкерчилиги да аз кызматтарды жыргатпаган Абдраимов өкмөт башчы кантип болуп, килейген өкмөттү кантип башкарам, дараметим жетеби деп ойлоп койбойт тура. Премьер-министрлик деген отуруп алып эле буйрук бере турган иш эмес го. Анда башты иштетиш керек. Куулук-шумдук жагына эмес, реалдуу иштерге.

Аэлита Сатындиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: