Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Шаарлардагы жана айылдардагы жашоочулар жакын арада региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттагы ийгиликтерди көрүшү керек

Бөлүшүү:

“Шаарлардагы жана айылдардагы жашоочулар жакынкы арада региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттагы ийгиликтерди көрүшү керек”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан “Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” конференциясында.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:

“Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу биздин эл аралык өнөктөштөр!

Урматтуу жергиликтүү бийликтин башчылары, ишкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү!

Бүгүн региондорду өнүктүрүүгө арналган жалпы улуттук диалогду өткөрүү үчүн чогулдук.

Форумга бийликтин бардык бутактарынын жетекчилери, жергиликтүү бийликтин башчылары, бизнестин, жарандык коомдун жана өнөктөш уюмдардын – донорлордун өкүлдөрү катышып жатат.

Мындай форматтагы жолугушуу көп жылдан бери өткөрүлө элек болчу.

Бүгүнкү форумдун негизги максаты – аймактарды өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү чогуу талкуулап, аларды чечүү жолдорун аныктоо.

Урматтуу мекендештерим,

Региондор өнүккөндө гана өлкөбүз өнүгөт.

Өткөн 2018-жылы негизги аракетибиз региондорду өнүктүрүүгө багытталганын жакшы билесиздер.

Тилекке каршы, буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келди.

Мисалы, бюджет, салык, акча, кредит саясаттары региондордун өзгөчөлүгүн эске алган жок.

Ошонун айынан ички миграция күчөдү. Алыскы райондордон, анын ичинде чек ара аймагынан көчүп кеткендер көбөйдү.

Демек, айылды, өзгөчө тоолуу жана чек арада жашаган элди колдоо – өлкөнүн территориялык бүтүндүгүн сактоо менен барабар болуп калды.

Ошол үчүн кайра-кайра регион деп айтып, президенттик ишмердүүлүгүмдө бул маселеге өзгөчө көңүл буруудамын.

“Регион, аймак, элет, айыл” деген түшүнүктөр ар бир чиновниктин аӊ сезимине тереӊ сиӊген түшүнүктөр болуш керек.

Региондорду өнүктүрүү зарылдыгы эмнеден келип чыкты?

Элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаӊы жумуш орундарын түзүп, элди иш менен камсыз кылуу менен миграциянын агымын токтотуу зарылдыгынан келип чыкты.

Региондорду өнүктүрүү тууралуу Жарлыгым чыккандан бери аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштер аткарылууда.

Өнүгүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталган  арбын иштер жасалды.

Мен мамлекет тарабынан жасалган иштердин негизгилери тууралуу айтып кетейин.

Бизнести негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу максатында мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүлөрүнө эки жылга мораторий киргизилди.

Жаӊыдан түзүлгөн ишканалар текшерүүлөрдөн үч жылдык мөөнөткө бошотулду.

Экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү максатында салык мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгын 80 пайызга кыскартуу жеңилдиги берилди.

Соода-логистикалык борборлор, машина-трактор станциялары жана айыл чарба кооперативдерине киреше салыгы, кошумча нарк салыгы жана мүлккө салык боюнча жеңилдиктер берилди.

Экономиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында продукцияны сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаӊы лабораториялык база түзүлдү.

Дотациялык региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейин киреше салыгын, сатуу салыгын, жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотулду.

Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду.

Тигүү тармагынын ишканалары үчүн социалдык чегерүүлөрдүн ставкаларын 27%дан 12%га чейин төмөндөтүү жөнүндө маселе каралууда. Өкмөт токтом кабыл алган, атайын мыйзам кабыл алуу керек.

Ишкерлерди коргой турган жаңы институт – Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү чечими кабыл алынды.

2018-жылы региондордун экономикалык жана социалдык инфраструктурасын каржылоо иши жакшырды.

Бул максатта эл аралык финансылык уюмдардын жана республикалык бюджеттин каражаттары тартылды.

Өткөн жылы РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берилди.

Бул сумманы 20 млрд. сомго жеткирип алсак деген максаттарды койгонбуз, бул көрсөткүч, мына минтип 25 млрд. сомго жетти .

Региондордо жаӊы ишканаларды көбөйтүү максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түз каржылоонун чегин 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү.

Натыйжада, бул фонд аркылуу каржыланган региондордогу долбоорлордун саны өткөн жылы 6 эсеге көбөйдү.

Бул каражаттардын ичинен 50 пайыздан ашыгы кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилди.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду региондордо өзүнүн өкүлчүлүгүн ача баштады, мурункудай эшигин жаап алып, эми “элитный” Фонд болбойт.

Бул региондордо бизнесин жаны баштап жаткан ишкерлерге, дыйкандарга иштей турган Фонд болот.

Былтыр бардык областтарда Россия-Кыргыз фондунун регионалдык консультациялык борборлору ачылды.

Региондорду өнүктүрүүнү финансылык колдоо максатында мамлекеттик жеңилдетилген кредиттөө программалары ишке ашырылды.

РСК Банк тарабынан 8 млрд. сомдон ашык тогуз миңге жакын кредит берилген.

Региондорго берилген кредиттердин өлчөмү 852 млн сомго, же 11 пайызга көбөйгөн.

Азыр РСК Банк өзүнүн берген кредиттеринин 71 пайызын аймактарга бурду.

Эң алыскы айылдарга төмөн – 12 пайыз менен 3 жылга, 150 миң сомго чейинки кредиттерди берип жатат.

Айыл Банк тарабынан өткөн жылы 13,2 млрд сом кредит берилген, бул мурдагы жылга караганда 2,5 млрд сомго көп. Кредиттердин саны 5 миңге жакын өскөн.

«ФСХ-6» программасынын алкагында 5,6 млрд. сом суммасында 11 300дөн ашык айыл чарба кредитин берди.

Соңку зайымчылар үчүн кредиттердин пайыздык ставкалары өсүмдүк өстүрүүчүлүккө жана мал чарбасына – жылына 10%, кайра иштетүүгө – жылына 6%, багбанчылыкка жана асыл тукум мал чарбасына – жылына 8%ды түздү.

Бул багытта кредит берүү уланат, “ФСХ – 7” программасынын алкагында быйыл кредит берүүнүн көлөмү дагы да көбөйөт.

Сиздер билгендей, 2016-жылы Мамлекеттик кепилдик фондун түзгөнбүз.

Аймактарды кыдырганымда көптөгөн демилгелүү ишкер уул-кыздарыбыз негизги көйгөй катары насыя алыш үчүн күрөөгө коё турган мүлктүн жоктугун айтып келишкен.

Мына ушул Кепилдик фонду аларга көмөк көрсөтүүдө.

Бул фонд тарабынан берилген каражат үч эсеге көбөйүп, 656 долбоорго 755 млн. сом кепилдик берилди.

Кепилдик фонд менен өнөктөш банктар аймактарда насыяларды берүүнү эки эсеге көбөйтүп, жыйынтыгында жалпы суммасы үч млрд. сомго жакын кредит беришти.

Бул дагы көбөйөт, регионго, айрыкча кайра иштетүү тармагына каражаттарды бурабыз.

Кепилдик фонддун жетекчиси аймактарды түрө кыдырып, бул багытта ишти жакшы алып кетти.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн финансылык негиздерин чыңдоо боюнча иштер жүрүүдө.

Киреше салыгынын үлүшүн жергиликтүү бюджетке этап-этабы менен өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

2019-жылы киреше салыгын бөлүштүрүүнү 50/50 пайыз өлчөмүнөн 70/30 пайыз өлчөмүнө чейин көбөйтүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттер кошумча  2,1 млрд. сом алат.

Мындан тышкары региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2 млрд сом каралды.

Бул каражат биринчи кезекте экспортко чыккан багыттарды колдоого жумшалат.

Ирригация программасын ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп отурабыз. Талаптар жогору.

Бул программаны сөзсүз ишке ашырыбыз керек.

Анткени, программанын алкагында маселелер комплекстүү чечилет – жумушчу орундар түзүлөт, муну менен ички миграция токтойт.

Ирригация программасына ылайык 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.

Жаңы калктуу конуштар, чарбалар пайда болот, 240 миӊден ашуун иш орду түзүлөт.

Программадагы долбоорлор 3 топко бөлүнгөн.

Биринчи топко кирген 14 обьектилерди куруунун каржы булактары аныкталган.

Бул топко Кытай гранты, Ислам өнүктүрүү банкынын кредити жана республикалык бюджеттен каржыланчу объектилер киргизилген.

Экинчи топко кирген 17 объектилер инвесторлордун жардамы менен курулат, азыр сүйлөшүүлөр аяктап калды.

Биринчи жана экинчи  топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат.

Анын алкагында жалпы суммасы 18 млрд. сомду түзгөн 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот.

Эми айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул багыттагы иштерди илгерилетиши керек.

Өздөрү келген донорлор менен гана иштеп, донор күтүп отура бербегиле.

Өнөктөш, донорлорду өзүӊөр да издегиле. Демилгесиз болуп жатасыӊар.

Ирригация гана эмес, кайра иштетүү багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча активдүү иш алып баргыла.

Урматтуу мекендештерим,

Кыргызстан – таза суунун өлкөсү дейбиз, бирок калктын жарымы турмуш-тиричиликте таза сууга муктаж.

Таза суу болбосо, улут саламаттыгы коркунучта.

Таза суу болбосо – туризм кайдан өнүгөт?

Дагы бир амбициялуу максатыбыз – жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот!

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 650 калктуу конушка таза суу жеткирилет.

Бул долбоорлорду каржылоо максатында Европа реконстукциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Биз аймактардагы таза суу долбооруна акча каражаттарын таап жатабыз.

Эми жергиликтүү бийликтин милдети – бул каражаттарды максаттуу  өздөштүрүү.

Ошол эле учурда таза суу системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу зарыл.

Таза суу ар бир үйгө чейин жеткиликтүү болушу абзел. Эсептегичтерди коюп, сууну сарамжалдуу пайдаланууну үйрөнүү керек.

Урматтуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ассоциацияларды түзүп, таза жана коррупциясыз иштегиле. Ичкен суунун эсебинен уурдагандар, элдин ырыскысын жегендер, эч качан жарыбайт.

Аймактардагы дагы бир көйгөй – жолдордун абалы.

2018-жылы республика боюнча 250 км жол курулду.

Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 километрден кем эмес жол асфальтталат.

Кийинки этапта айыл аймактардагы ички жолдорду оӊдоого киришебиз.

Урматтуу мекендештерим!

Сот-укуктук реформа жүрүп жатат.

Анын маӊызы эмнеде, кандай өзгөрүүлөр болоору калкка жеткиликтүү түшүндүрүлдү.

Негизгиси – жорук жасаган жаран менен кылмыш жасаган жаранды жазалоо айырмаланат.

Биздин максат – түз жолдон адашкан жарандарды сөзсүз эле камоо эмес, жазалоонун башка жолдору, тарбия аркылуу коомго кайтаруу.

Бул жергиликтүү жетекчилердин да милдети.

Прокуратура жана башка күч органдарындагы иштер мурдагыдай көмүскө  болбойт. Кааласа ишти жаап коюп, кааласа ачканга мүмкүндүк болбойт. Бирдиктүү реестр аркылуу ар бир тиешелүү жаранга тергөөнүн жүрүшү, сот процесси жеткиликтүү болот.

Сот реформасы менен катар укук коргоо органдарын чогуу  реформалоого барабыз.

Былтыр Ички иштер министрлиги борбордук аппаратты кыскартуу аркылуу аймактарда участкалык жана балдар менен иштөө инспекторлорун 125ке көбөйттү.

Быйыл да ИИМдин  участкалык жана балдар менен иштөө инспекторлорун аймактарда 300гө көбөйткөнгө планы бар.

Жашоочулардын санына карата: шаар ичинде 3,5 миӊ жашоочуга 1 участкалык инспектор, айыл жеринде 4,5 миӊ жашоочуга 1 инспектор деген норматив бар.

Бүгүнкү абал ар түрдүү аймактар ар кандай, 1 инспекторго 4,5 миӊден  –   7,5-8 миӊге чейин адам туура келет.

Инспекторлордун санын талапка ылайык келтиребиз.

Урматтуу мекендештерим,

Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн зарыл болгон сот-укуктук реформа элдин колдоосуна абдан муктаж.

Бир да реформа кемчиликсиз болбойт. Өкмөт менен парламент болгон кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштейт, өзгөртүүлөр киргизилет.

Алган багытыбыздан тайбай кете беришибиз зарыл.

Соттук-укуктук реформанын эӊ негизги максаты – адилеттикти орнотуу.

Бул реформа сот системасы, же күч органдарынын кызыкчылыгын коргоо эмес, жарандардын кызыкчылыгын коргоо максатында жасалууда.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Дагы бир чоӊ багытыбыз – өлкөдөгү коррупция менен системалык күрөштү бийликтин бардык тепкичтеринде улантуу.

Өлкөдөгү коррупция биз ойлогондон да кеңири кулачын жайган экен, көп фактылар ачылды. Жакында дагы көп фактылардын бети ачылат.

Коомду коррупциядан тазалабай туруп, өлкөнү экономикалык саздан чыгара албайбыз.

Коррупцияга каршы күрөш эл колдогондо гана ийгиликке жетет.

Ошондуктан, коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген жаранды коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди.

Жалпы коомдун  колдоосун, бийликтин аракетин талап кылган коррупция менен күрөш токтобойт, уланат.

Урматтуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, силер байкоочу катары гана пассивдүү позицияны карманбай, жардам берүүгө милдеттүүсүӊөр.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Жыйынтыктап айтканда, региондорду өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн иш-аракеттер жасалып жатат.

Региондорду өнүктүрүү ишинде эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн аракети, талыкпас эмгеги, эл үчүн болгон таза пейили чечүүчү роль ойнойт.

Мен элетте көп жыл иштедим. Бардык көйгөйлөрдү өз көзүм менен көрдүм. Жер-жерлерде ички потенциал абдан чоӊ. Жергиликтүү элди мобилизациялап, аймактарда көп маселени чечсе болот.

Бардык жерде алгылыктуу аракеттер, жалындуу иштер болбой жатат. Демилгени колго алгыла. Элге, бизнеске шарт түзүп, жарандык коом менен өнөктөш болуп, жергиликтүү ресурстарды натыйжалуу башкаруу менен район, айылдарды өнүктүрүү – сиздерден көз каранды.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Аймактарды өнүктүрүү саясатында ийгиликтүү мисалдар бар. Бирок, тегиз, системалуу иштер болбой жатат.

Элди тынчсыздандырган көйгөйлөр – жумушсуздук, коррупция, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын натыйжасыздыгы.

Мен айрым көйгөйлөргө токтоло кетейин.

Сиздер бүгүн-эртең форумда аларды талкуулап, чечүү жолдорун сунуштайсыңар деп ишенем.

Биринчи, бүгүнкү күндө аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча системалуу жана бирдиктүү саясат жок.

Мамлекеттик жана райондук органдардын ортосунда өз ара тыгыз аракеттенүү байкалбайт.

Көпчүлүк министрлер жер-жердеги көйгөйлөрдү билбейт, элет менен байланыш начар.

Алардын жергиликтүү эл менен жолугуп, элеттин көйгөйлөрүн талкуулаган практикасы жок.

Жергиликтүү бийликтин тармактык саясатка катышы жок.

Жеринде чечилчү маселелер борбордук бийликтин деӊгээлине кээ бир учурда негизсиз көтөрүлөт.

Мен аймактарда эл менен жолукканда алар көтөргөн маселелердин көпчүлүгү – жергиликтүү бийлик чече турган көйгөйлөр.

Эмнеге элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур?

Мына ушул жагдайды анализдөө керек.

Аким институтун бекемдөө боюнча жумушчу топ иштеп жатат, мыйзамдарга өзгөртүү процессин тездетүү керек.

Бул ишти райондун өнүгүү талабына, жергиликтүү кирешелерди көбөйтүү талабына  ылайык жүргүзүү керек.

Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн адистик потенциалын жогорулатуу керек.

Жалпы республикалык, тармактык жана аймактык өнүгүү максаттарын жакшы түшүнүп, жергиликтүү деңгээлдеги өзүнүн милдеттерин так аткаруусу үчүн айылдын, райондун жетекчилерин атайын окуу курстарынан өткөрүү зарыл.

Бул максатта мамлекеттик кадр кызматы менен Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы курстарды өткөрөт. Мындай милдет аларга коюлган.

Ошону менен бирге Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, акимдердин, жергиликтүү башкаруу органдарынын ишинин натыйжасын аныктай турган так, даана критерийлерди иштеп чыгып, бекитүү зарыл.

Дагы бир жагдай – жергиликтүү бийликти негизсиз текшерүү маселеси.

Бүгүнкү күндө Эсеп палатасы жазалоону гана көздөгөн орган болуп алган.

Бул туура эмес, биз айыл өкмөттөргө жана акимдерге жардам берип, эсепти туура жүргүзүү боюнча консультация берүүнү күчөтүшүбүз керек.

Экинчи, Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин биздин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүз менен аракеттенүүсү начар.

Дээрлик баардык облустарыбыз, ири шаарларыбыз башка мамлекеттердин облус, шаарлары менен бир туугандык мамилелерди түзүшкөн, орусча айтканда “побратимы”.

Мына ушул мүмкүнчүлүк да пайдаланылбай келүүдө.

Шаарларды, облустарды өнүктүрүү үчүн өнөктөштөрдү, инвесторлорду издөө керек. Биргелешкен бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу керек.

Дагы бир жагдай, донордук жардамдарды координациялоонун жоктугу иштеп жаткан долбоорлордун натыйжалуулугун төмөндөтүүдө.

Координациянын жоктугунан донорлордун ишинде бир кыйла көйгөйлөр жаралып жатканы тууралуу кабарым бар.

Өнөктөштөрдүн бүгүн айтылчу ой-пикирин кылдаттык менен эске алуу керек.

Эрежелер баарына – донорлорго, инвесторлорго, элге ачык-айкын болушу абзел.

Региондорду өнүктүүрүнүн чаржайыттыгын токтотуп, ырааттуу өнүгүүсүн координациялоо үчүн бир мамлекеттик органды аныктоо зарыл.

Региондорду өнүктүрүүнү башкаруу системасын өзгөртүү – инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну ылдамдатат.

Бул азыркы учурдун өктөм талабы болуп жатат.

Жергиликтүү бийликтин ишин тескей турган 120 нормативдик  акт бар. Баары теӊ иштеп жаткан мыйзамдар жана токтомдор.

Чындыгында, практика жүзүндө, жергиликтүү жетекчилер бул нормативдик актыларды толук билбейт жана пайдаланбайт.

Аймактарды өнүктүрүү маселеси бир мамлекеттик органга жүктөлсө, мыйзам базасын жакшыртуу багытында да иш арбын. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча кодексти иштеп чыгып, кабыл алууга убакыт келди деп ойлойм.

Үчүнчү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз мүмкүндүктөрүн  толук пайдалана албай жатышат.

Мисалы, чакан жана орто ишкерлик үчүн жагымдуу экономикалык чөйрөнү жана бизнес климатты түзүү үчүн жергиликтүү өбөлгөлөр колдонулбай келүүдө.

Өлкөнүн экономикасына, аймактарды өнүктүрүүгө өз салымын кошууну каалаган сыртта жүргөн да, Кыргызстанда иштеп жаткан да бир топ ишкерлерибиз бар.

Алардын мүмкүнчүлүгүн мобилизациялоо боюнча да ырааттуу иш жок.

Биз жергиликтүү бизнесмендердин дагы мүмкүнчүлүгүн колдонгонду үйрөнүш керекпиз.

Мен ири ишкер меценаттар менен жолугуп өздөрүнүн кичи мекенине же башка аймактарда өндүрүш ачуу үчүн Ассоциацияларды түзүүнү сунуштадым.

Мисалы, терини кайра иштетүүнү, жүндү кайра иштетүүнү, дагы бирөөнө пахтаны кайра иштетүүнү сунуштадым. Жана башка дагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек.

Кен байлыктарды пайдалануудан түшкөн каражаттарга региондорду өнүктүрүү фонддору түзүлгөн.

Бирок, алар да натыйжалуу пайдаланылбай жатат.

Фонддордун каражаттары социалдык объектилерди курууга гана эмес, туруктуу киреше алып келе турган, жаӊы жумушчу орун түзө турган кайра иштетүү тармактарына жумшалышы да зарыл.

Мындан сырткары, региондорго финансы каражаттарын буруу, экспортко багытталган ишканаларды каржылоонуу улантыш керек.

Улуттук банк коммерциялык банктарды аймактардагы долбоорлорду каржылоого багытталган стимулдарды сунушташ керек.

Кредит алуу маселеси жер-жерлерге санарип технологиялар аркылуу жеткиликтүү, арзан жана кыска убакытта бюрократия жок берилүүсүн камсыз кылуу керек.

Азыр “Айыл банк”, РСК банк аймактардагы ишкерлерди колдоодо.

Коммерциялык банктардын жетекчилери, сиздер да аймактарды өнүктүрүү процессине байкоочу катары эмес, ушул өлкөнүн жараны катары катышыңыздар.

Коммерциялык банктар ар бир аймактан бирден ири долбоорду колдосоңор, ишканалардын саны  көбөйөт, чоң жардам болот.

Бул багытта Улуттук банк менен мыйзам алкагында иштейсиңер деп ишенем.

Төртүнчү, региондордо бизнес үчүн олуттуу тоскоолдуктардын бири болуп инженердик инфраструктурага кошулуу маселелери эсептелет.

Жаңы ишкана ачуу үчүн ишкерлер бир жарым-эки жылга чейин макулдашуу жана уруксат берүү жол-жоболорунан өтүүгө аргасыз болгон учурлар бар.

Бул бизнестин чыгымдарын бир кыйла көбөйтөт.

Калктуу конуштардын бекитилген башкы пландарынын жоктугунан улам жаңы өндүрүштөрдү түзүү жана иштеп жаткандарын кеңейтүү үчүн өндүрүштүк зоналарды бөлүп берүү дээрлик мүмкүн эмес болууда.

Убагында айылдардын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн жыл сайын 50 млн. сом бөлүнсүн деген программа кабыл алынган.

Бул иш 2025-жылга чейин толугу менен аягына чыгышы керек.

Дагы бир жагдай. Курулушка уруксат берүү жол-жоболорунун татаалдыгы жана ашыкча бюрократия жерлерде коррупцияны жаратып жатат.

Урматтуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, инвестор, бизнесмендерге архитектура, энергетиктерден уруксат алуу боюнча тоскоолдуктар көп.

Президенттин аныктаган багыты, колдоосу, өкмөттүн буйругу, токтому турса да бут тосуп, ишин баштай элек инвестордон пайда үмүт этесиңер.

Иштейм дегендерге шарт түзүүнүн ордуна, тескерисинче, тоскоол болуп жатасыӊар.

Кимиңер эмне кылып жатканыңар тууралуу бизде анализ,  маалыматтар бар.

Бешинчи, өнөр жайды өнүктүрүү программасынын жоктугу- аймактарда өндүрүштү жайгаштырууга жана региондорго инвестицияларды тартууга кедерги болуп жатат.

Региондогу ишкерлердин инвестициялык долбоорлорун тандоонун, аларга артыкчылык берүүнүн жана каржылоонун так критерийлери жок.

Жергиликтүү калк менен инвесторлордун ортосундагы локалдуу чыр-чатактар өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу аянтчасынын жоктугун айгинелейт.

Бул көйгөй тиешелүү мамлекеттик комитет менен жергиликтүү бийликтин байланышы жок, эл менен тыгыз иштебегендиктен чыгып жатат.

Бул чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү төмөндөтөт.

Өкмөт жана жергиликтүү бийлик ушул маселени кечиктирбей чечүүгө киришет деп ойлойм.

Алтынчы, региондорду өнүктүрүүдө заманбап IT-технологияларды колдонуу региондорду өнүктүрүүнүн маанилүү приоритети болуп эсептелет.

“Түндүк” электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөт.

Ар кандай мамлекеттик органдын эшигин каккылап, справка, же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтойт.

Керектүү маалыматты чиновник өзү таба турган болот, жаранды убара кылбайт.

Пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат.

Кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат.

Бул коррупциялык элементтерди жок кылат.

«Санарип аймак» муниципалдык башкаруунун платформасын «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук системасы менен бириктирип түзүү жана ишке киргизүү керек.

Өлкөдөгү мектептердин 86 пайызы же 1857 мектеп интернетке кошулган.

Калган 245 мектепти интернетке кошуу ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Бул аймактарды санариптештирүүдө өтө чоң мааниге ээ.

Калктын кеңири катмарында, өзгөчө айыл жерлеринде, жаңы технологияларды колдонуунун артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн кеңири масштабдуу иштерди жүргүзүү зарыл.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калк арасына санариптештирүү саясатын жайылтуу иши – силердин түздөн-түз милдетиңер.

Жетинчи, жер-жерлерде билим жана саламаттыкты сактоо тармагында калкка кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу керек.

Жарандын татыктуу жашоосу, саламаттыгы, сапаттуу билими – биздин негизги милдетибиз катары каралат.

Ушул жылы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында санарип технологиялары аркылуу – электрондук төлөмдөрдү киргизишибиз зарыл.

Урматтуу форумдун катышуучулары,

Административдик-аймактык түзүлүштүн азыркы системасын экономикалык жана социалдык мамилелердин учурдун талаптарына шайкеш келтирүү керек.

Башкаруу системасын кайра карап чыгып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ылайыктуу болгон административдик–территориялык реформаларга баруу зарыл.

Бирок, азыр көп реформалар жүрүп жатат.

Аймактык реформа – аларды бүтүрүп, анан, өтө кылдаттык менен, тереӊ ойлонуп, шашпай чече турган маселе.  Популизмге алдырып, чече турган маселе эмес. Баардык жагын ойлонуш зарыл. Тиешелүү жумушчу топ түзүлгөн, иштеп жатат, ал баардык сунуштарды карайт., силерден дагы сунуштарды күтөбүз.

Урматтуу мамлекеттик администрациялардын жетекчилери!

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары!

Быйыл мамлекеттин регионалдык саясаты – аймактарды өнүктүрүү маселесин санариптештирүү процесси менен шайкеш ишке ашырууну көздөйт.

Региондорду адистештирүүнү чыңдоо, региондордун атаандаштык артыкчылыктарын күчөтүү жана экспорт кылуучу ишканаларды мамлекеттик колдоо уланат.

Региондордо жарандардын жашоо сапатын жана потенциалын жогорулатуу мамлекеттин жакынкы жылдары артыкчылыктуу милдети бойдон калат.

Бул мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун, бизнестин, жарандык коомдун, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жергиликтүү коомчулуктун катышуусун талап кылат.

Биз ачык-айкын, коррупциядан арылган коомду куруп, жалпы элдин бакубаттыгын арттырабыз деген жакшы ниетибиз бар.

Шаарлардагы жана айылдардагы жашоочулар жакынкы арада региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттагы ийгиликтерди көрүшү керек.

Урматтуу мекендештерим!

Бүгүнкү форум региондорду өнүктүрүү үчүн талап кылынган системалуу өзгөртүүлөрдү аныктоо боюнча улуттук диалог жүргүзүүнүн уникалдуу аянтчасы болушу керек.

Жогорудагы маселелерди талкуулап, өнүгүүнүн негизги багыттарын аныктап, иш-аракетибизди макулдашып алсак.

Учурдан пайдаланып, бизге жардам көрсөтүп жаткан өнөктөштөрүбүзгө – донорлорго тереӊ ыраазылык билдирем.

Сиздерге рахмат, урматтуу өнөктөштөр!

Форумдун ишине ийгилик, катышуучуларга бекем ден-соолук, бакты-таалай каалайм!

Өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү болсун!

Жараткан колдоп элибизде ар дайым ынтымак, жергебизде дайыма тынчтык болсун!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: