Menu

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Шанхай кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясын түзүү – учур талабы!”

Бөлүшүү:

Он жылдай убакыт мурда ШКУ парламенттик ассамблеясын түзүү маселеси көтөрүлгөн, бирок анда бул демилге ишке ашпай кагаз жүзүндө гана калып кеткен. Азыр белгилүү саясий серепчи Бакыт Бакетаев бул маселеге кайра кайрылууга убакыт келип жетти деп эсептейт. Геосаясий күчтөрдүн орун которушуусунун алмашуу шартында бул импульс Кыргызстандан чыгып, парламенттик ассамблея болсо Бишкекте түптөлүп, отурукташуусу абдан зарыл.

“ЕККУ жана Европа биримдиги сыяктуу бардык эл аралык институттар жана башка блоктор парламенттик ассамблеяны түзө алат. Биздин президент Сооронбай Жээнбековдун алдыда боло турчу ШКУ саммитинин кожоюну катары Шанхай кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясын Бишкекте түзүүнү кесиптештерине сунуштоого мүмкүнчүлүгү бар. ПАны түзүү менен блок эл аралык аренада позициясын бекемдейт жана ШКУ дүйнөнүн экинчи полюсуна айлана алат. Биз бир уюлдуулук өзүн өзү жоготуп, акырындык менен өткөн чакка айлана баштаганын көрүп турабыз”, – дейт Бакыт Бакетаев.

Коопсуздуктун маанилүү факторлорунун бири болуп күчтүү пикирлештер эсептелинет. Азыр ШКУ форматында туруктуу парламенттер аралык сүйлөшүүлөр зарыл, бул өнөктөштөргө экономикалык кызматташтыкта бирдиктүү багытка позицияларды тезирээк жакындатууга өбөлгө болот. Ошондой эле, бар мүмкүнчүлүктөргө жана сырткы коркунучтарга да оперативдүү реакция жасалат.

“Парламенттик ассамблеяны түзүүнүн юридикалык аспектиси иштелип чыккан. Бул документтер пакетинин үстүндө биздин депутаттар ар башка убакта иштешти. 10 жыл мурда мындай пландарды ишке ашырууга үчүнчү күч тоскоол болгону маалым. Бирок, учурда эл аралык кырдаал канчалык өзгөрдү, соода согушу кандай гана катаалдык менен жүргүзүлүүдө, көптөгөн башка конфликттер жаралып, эски система кантип урап жатканына күбө болуудабыз. Глобалдуу дүйнө ишенимдүү алдыга жылып баратат, Кыргызстан дүйнөлүк жаңы саясатта олуттуу орунга ээ болуу үчүн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек. Ошондо, эшик сыртында, дүйнөнүн үчүнчү саптагы өлкөлөрүнүн арасында калбайбыз”, – деп белгиледи саясий серепчи.

Учурда ШКУ алкагына кирген өлкөлөрдүн калкынын саны 3,5 миллиардды түзөт. Уюмдун катарындагы мамлекеттердин ири аймактары, кубаттуу экономикасы бар, эбегейсиз жаратылыш байлыктарына эгедер. Андан тышкары, ко-опсуздук стратегиясы боюмча алганда, биздин ШКУ боюнча өнөктөштөр ишенимдүү ядердик потенциалга ээ.

Дүйнөнүн жаңы полюсунун калыптанышы жаңы соода жолдорунун өнүгүшүн, масштабдуу өзгөрүүлөрдүн жаралышын шарттайт. Жаңы аржы жана саясий борборлор пайда болот. Кыргызстан да бул глобалдуу процесстерден четте калбашы керек.

“Мен бул тарыхый учурду колдон чыгарууга болбойт деп эсептейм. Кыргызстанга мындай мүмкүнчүлүк экинчи жолу келбей калышы да мүмкүн. Ооба, бизде суутектин запасы жок, экономикабыз чоң эмес, бирок биз геосаясий өнөктөштүктү өнүктүрүү жаатында олуттуу кадам жасай алаарыбыз бышык. Анан да ШКУнун парламенттик ассамблеясынын штаб-квартирасы Бишкекте ачылышын талап кылышыбыз керек. Менимче, уюм боюнча күчтүү жана ири өнөктөш өлкөлөрдүн эч бири буга каршы чыкпаса керек, анткени, Кыргызстандын борбор калаасы географиялык жактан болжолдуу түрдө ШКУнун борборунда, ири соода жолдорунун, ири саясий кызыкчылыктардын кесилишинде жайгашкан”, – деди Бакетаев.

Бишкекте ШКУнун саммити ушул жылдын июнь айында өткөрүлүшү белгиленүүдө. Мамлекет башчы эл аралык форумда ШКУнун келечегине тийиштүү бир катар маанилүү маселелер талкууланаарын билдирген.

Арина Рысбаева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: