Иши начар, аты эле бар, заты жок, колунан иш келбеген министрлердин бири Олег Панкратов экени талашсыз. Бул адам 2010-жылдан бери Экономика тармагында жетекчилик кызматты аркалап келатат. Министрдин орун басары, вице-премьер, эми болсо министр болуп олтурат. Бирок ушул тогуз жыл ичинде көзгө көрүнө турган иш кылган жок. Ушунча жыл сындан башы чыкпай келди. Уят-сыйыт деген сезими эчак өлгөн экен. Негизи кыргыз бийлиги орус улутундагыларга кызмат боюнча квота бөлүп берет деген сөз чын окшойт. Болбосо, Панкратов кайсы бийлик болсо да, эрке талтаң болуп келатканы жалганбы? Баса, депутат Нурбаев Панкратов өзү кыйратып иштеп жаткансып, 4 орун басарын тең кызматтан алуу боюнча өкмөткө кат жазганын айтып чыкты. Бирок Олег мырза, кат жазганым жок деп калп айттыбы, чын айттыбы, айтор танды. Эмнеси болсо да, бул министр экономика тармагын эптей абаган соң, кызматтан токтоосуз алынса эл ыраазы болот эле.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ