Menu

Видео – Кафенин кассасын тоногон каракчыны видеокамера тартып алган

Бөлүшүү:

Курал менен коркутуп, коомдук тамактануу мекемесинин кассасын тоногон кылмышкер кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Үстүбуздөгү жылдын 20-февраль күнү болжол менен саат 22:50 чамасында кара медицияналык бет капчан белгисиз адам Бишкек шаарында жайгашкан тез татым кафесине кирип келген. Кылмышкер тапанча менен мекеменин кассирин коркутуп, 63 миң сом акча каражатын алып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде сотко чеийнки иликтөөлөрү башталган.
Кылмышкерди издөөгө өздүк курам тартылып, ал эми иликтөөсүнө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы киришкен. Шектүүнүн изине ыкчам кызматкерлердин тыкыр иликтөөсүнүн натыйжасында гана түшүүгө мүмкүн болгон. 2019-жылдын 25-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1983-жылы туулган Б.А. кармалган. Кармалган жаран мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс менен) 97-берене (Адам өлтүрүү) менен 104-беренеси (Адам өлүмүнө алып келген саламаттыкка оор залал келтирүү) боюнча соттолгон. Туугандарынын үйүнүн кампасын текшерүүгө алганда газ-травматикалык тапанча табылып алынган. Кармалган жарандын карактоого тиешеси бардыгы далил заттар аркылуу аныкталды. Б.А. аттуу жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: