Menu

Фото – Бишкекте «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» республикалык конференциясы өтүп жатат

Бөлүшүү:

Бишкекте бүгүн, 27-февралда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» республикалык конференциясы өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент өз сөзүндө аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан масштабдуу иштер жана негизги чаралар жөнүндө айтып берди.

Ал мамлекеттик администрациялардын башчыларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана ишкерлерди өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйлады.

Конференцияда ошондой эле Дүйнөлүк банктын КРдеги туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар, КРдеги БУУ системасынын Туруктуу Координатору Озонниа Ожиело, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, бизнес-коомчулуктун, райадминистрациялардын, шаардык, айылдык кеңештердин, айыл өкмөттөрүнүн, шаарлардын өкүлдөрү жана жетекчилери сөз сүйлөштү.

Өз ишин эки күн, 27-28-февралда жүргүзө турган конференцияга аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлик бутактарынын, башка мамлекеттик структуралардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкердик жана эксперттик коомчулуктун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылган.

Эки күндүн ичинде Конференциянын катышуучулары аймактарда бизнести өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана аймактык саясат тармагында стратегиялык документтерди ишке ашырууну талдоо үчүн коомдук көзөмөлдөө процессине жарандык институттарды тартуу пландаштырылган тематикалык сессияларга, семинарларга жана жумушчу жолугушууларга катышышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: