Menu

Өзбекстанда «адепсиздикти пропагандалаган» куудулдар тобу лицензиясынан ажыратылды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда «адепсиздикти пропагандалагандыгы жана орой сөздөрдү айткандыгы үчүн» «Браво» деп аталан куудулдар тобу менен актриса Халима Ибрагимова лицензиясынан ажыратылды.

Мамлекеттик «Өзбекконцерт» мекемесинин расмий билдирүүсүндө артисттер мамлекеттик лицензиянын талаптарын бузгандыгы белгиленген.

«Мындай чечим артисттер «Өзбекконцертке» көрсөтүлгөн «сценарийден четтеп, улуттук маданият менен менталитетке жат келген орой, адепсиз сөздөрдү айткандыгы, ошондой эле Өзбекстандагы искусствонун кадыр-баркына зыян келтирген адепсиздикти пропагандалагандыгы үчүн кабыл алынды», — деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары «Өзбекконцерт» «жаштардын моралдык, этикалык сапаттарына терс таасир эткен жана көркөмдүк баалуулуктарга ээ эмес» видеоклип тарткандыгы үчүн «Гап йук» триосунун мүчөлөрүнө эскертүү берип, мындай көрүнүш кайталанса лицензиясы алынарын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: