Menu

Алматы: полиция «Нур Отан» партиясынын кеңсесине чогулган адамдарды кармап кетти

Бөлүшүү:

Алматы полициясы бийликтеги «Нур Отан» партиясынын шаардагы кеңсесинин алдына чогулган адамдарды кармап кетти.

Маалыматтарга караганда, кармоолордун жаңы толкуну өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин отставкасын талап кылган кыйкырыктардан көп өтпөй башталган.

Ага чейин окуя болгон жерге барган прокуратура өкүлү адамдар «мыйзамсыз» жыйын уюштуруп жатканын айтып, алардын полиция бөлүмүнө баруусун талап кылган. Бул талапка баш ийбегендердин айрымдары кармалган.

Кармалгандардын арасында улуу жана жаш муундун өкүлдөрү бар. Азырынча полиция кармоолордун себептерин айта элек.

Астанада бүгүн «Нур Отан» партиясынын съезди өтүп жатат. Ага партиянын лидери, өлкө президенти Нурсултан Назарбаев дагы катышууда.

Мурдараак партиянын Алматыдагы кеңсесинин алдына чогулгандар өздөрүнүн жарандык позицияларын билдируү үчүн келишкенин айтышкан. Алардын колдорунда эч кандай плакаттар болгон эмес. Чогулгандардын айрымдары жаштар үчүн жумуш орундарын түзүү, көп балалуу энелерди социалдык жактан колдоону күчөтүү, реформаларды жасоо жана бийлик партиясындагы лидерди алмаштыруу талаптарын айтышкан.

Назарбаев Казакстанды 1991-жылдан бери башкарып келет. Укук коргоочулар менен бийликтин сынчылары 78 жаштагы Назарбаев саясий каршылаштарын четтеттүү үчүн бийлик рычагдарын пайдаланып жатканын айтып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: