Menu

Кытайдын атактуу архитекторунун эмгегинен жаралган мечит

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунда кылым карыткан кызыктуу жайлар көп. Андай жайлар Каракол шаарында да бар. Биз Каракол шаарынын 150 жылдыгына карата кылым карыткан курулуштар тууралуу маалыматтарды бермекчибиз. Бул жолу алардын бири- мусулманчылыкта ыйык деп саналган мечит жөнүндө сөз болот.

XX кылымдын башында курулган Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы “дунган мечити” Орто Азиядагы белгилүү архитектуралык эстеликтердин бири болуп саналат. Ал уникалдуу оюп-кесүү системасынын негизинде мыксыз курулган.

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыковдун маалыматтарына таянсак, мечиттин негиздөөчүсү Ибрагим Ажынын демилгеси жана каржылоосу менен 1907-жылы курулган. Андыктан, учурда мечит анын ысымын алып келет. Ал замандаш дунгандар арасында Маа-Хаджы деп айтылган. Ал эми, өзүнүн аты Ма-Ю-Тон болгон. Бул мечитти салдырыш үчүн ал Пекин шаарындагы атактуу архитектор Чжоу-Сыны жана колунан көөрү төгүлгөн 20 устаны чакырган. Ошондой эле, бул ишке көмөкчү усталар да салым кошушкан. “Мечитти куруу иши 1904-жылы башталып, 1907-жылы аяктаган. Аны курууга Тянь-Шань карагайлары, кара жыгач жана жергиликтүү терек колдонулса, кооздоо үчүн жаңгак дарагы колдонулган. Курулуш чеберчилик менен ашталып салынгандыктан, ага бир да мык кагылган эмес. Мечит 42 тирөөч менен кармалып турат. Ошондой эле, көп кабаттуу чатырчалардын учунан ажыдаардын башын көрүүгө болот. Андан кийин алмурут, жүзүм, өрүк жана башка жер-жемиштердин, гүлдөрдүн сүрөттөрү түшүрүлүп кооздолгон. Совет бийлиги учурунда 1929-жылдан 1947-жылга чейин кампа болуп турган жай кийин кайрадан мечитке берилген. Ал тарыхый музей катарында да катталган. Ошондуктан, биздин мечитке дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн туристтер келет”,-деп билдирет Алмазбек казы.

Туристтерди жана калаага келген меймандарды өзүнө тартып турган бул жай дагы жүздөгөн жылдар бою жашаса керек.

Жумагүл Барктабасова

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: