Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур болгон жагдайды анализдөө керек

Бөлүшүү:

«Эмнеге элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур? Мына ушул жагдайды анализдөө керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциясында.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча системалуу жана бирдиктүү саясат жоктугун, мамлекеттик жана райондук органдардын ортосунда өз ара тыгыз аракеттенүү байкалбаганын белгиледи.

«Көпчүлүк министрлер жер-жерлердеги көйгөйлөрдү билбейт, элет менен байланыш начар. Алардын жергиликтүү эл менен жолугуп, элеттин көйгөйлөрүн талкуулаган практикасы жок. Жеринде чечилчү маселелер борбордук бийликтин деӊгээлине кээ бир учурда негизсиз көтөрүлөт. Мен аймактарда эл менен жолукканда алар көтөргөн маселелердин көпчүлүгү — жергиликтүү бийлик чече турган көйгөйлөр. Аким институтун бекемдөө боюнча жумушчу топ иштеп жатат, мыйзамдарга өзгөртүү процессин тездетүү керек. Бул ишти райондун өнүгүү талабына, жергиликтүү кирешелерди көбөйтүү талабына ылайык жүргүзүү керек. Акимдин макулдугусуз бир да кадр жер-жерлерге коюлбаш керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: