Menu

Эки айылды эриктирбеген, эки адамды бириктирбеген тикенектүү Роза

Бөлүшүү:

Жаны жай албаган, үйүндө тынч жатпаган, издегени жамандык, уюштурганы жаңжал жандарды элибизде “Эки айылды эриктирбеген, эки адамды бириктирбеген” деп коюшат. “Элдик көзөмөл” аттуу коомдук бирикменин активисти катары өзүн таанытууга аракет жасап келе жаткан Роза Маманова аттуу айымды ошолордун катарына кошсок болобу? Ал тууралуу айтылган аңыздар менен арызданууларга ишенсек, бул айымдын жүрүм-туруму, кылык-жоругу ошондой эле ойлорго түртөт.

Учурда Р.Маманова Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Мадумаровдун дарегине таш ыргытууга шымалана киришүүдө. Анын бул аракети Кадр кызматынын жетекчиси Өкмөттүн Баткен облусундагы атайын өкүлү болуп келет деген имиштер тарагандан бери күчөдү. Сыягы ал Мадумаровдун Баткенге келишин каалабаган айрым күчтөрдүн камчысын чаап жаткандай. Деген менен Маманованын үч-төрт жылдан бери эле Мадумаровго көзү түз эместигин басма сөздөгү маалыматтардан баамдоого болот.

Бул айым Бишкекке келип Ак үйдүн алдында “өзүн өрттөп жиберем” деп коркутуп кеткени менен белгилүү. Көрсө ага карата козголгон кылмыш жоопкерчилигинен качуунун амалын кылып жаткан тура. Айтмакчы, Р.Маманова 2016-жылдын июль айында өзүн Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин мүчөсү катары тааныштырып, Кызыл-Кыя шаарынын тургунуна уурдатып жиберген ири суммадагы акчасын табууга жардамдашууну убада кылып сыйакы үчүн 50 миң сом алып куйругун карматпай кеткен. Мындай арыз Мамановага 10 миң сомун алдаткан дагы бир аялдан 2017-жылдын январь айында түшкөн. Ошол эле жылдын май айында Кызыл-Кыянын Б.М. аттуу жашоочусун “сага карата компроматтар бар” деп ормон опузага алуу менен ооз басырык үчүн 10 миң сом талап кылгындыгы да белгилүү болгон. Бирок Р.Маманова эч кандай Адвокаттар кеңешинин мүчөсү эместиги аныкталып, 2018-жылдын 4-октябрында жогоруда көрсөтүлгөн фактылардын негизинде Кылмыш кодексинин “Шылуундук” (166-6., 2-бөлүм) жана “Акча талап кылуу” (170-6) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

“Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат” болуп, кылмыш иш козголгондугу эскертилип, тергөөчүгө чакырылган Роза Маманова көрсөтмө берип жатып тергөөчүнүн бөлмөсүнө сумкасын атайылап калтырып, эртесинде “сумкамда 50 миң сом бар эле, тергөөчүнүн иш бөлмөсүнөн жоголду” деп прокурорго арыз жазат дагы дайынын таптырбай кетет.

Көрсө, Маманова жашаган дарегин туура эмес көрсөтүү менен тергөөчүгө жолугуудан качууга аракет жасайт. Ошондуктан, сот ага издөө жарыялап, кармалар менен кайтарууга алынсын деген чечим чыгарган. Ага ылайык, ыкчам-издөө чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында, Баткен ИИБнын милиция кызматкерлери тарабынан 2017-жылдын 12-декабрында Бишкек-Ош багытында каттаган автоунаалар токтогон жайдан кармалып, Кызыл-Кыя шаардык ИИБнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Кызыл-Кыя шаардык соту аны шарттуу түрдө 1 жылга эркинен ажыраткан. Маманова аппеляциялык арыз менен Баткен облустук сотуна кайрылган. Бирок биринчи инстанциядагы соттун чечими күчүндө калтырылып, Кызыл-Кыя шаардык милиция кызматкерлеринин аракеттеринде мыйзам бузуу жок деп табылган.

Жогоруда айтылган мисалдар Мамановага тиешелүү жоруктардын чет бучкагы гана. Ошондон улам Розакандын бейнесин толугураак сүрөттөп берүү үчүн бирин-экин толуктоолорду кошумчалай кетели.

Редакцияга кайрылган Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы вице-мэринин экинчи аялы Акмөөр Маматованын айтымында, өзүн жергиликтүү активистмин деп атаган Роза Маманова бир топ мезгил анын күйөөсүнө ыдык көрсөтүп, жакын болууга аракет жасаган. Вице-мэрди кайырмакка илүү аракетинен майнап чыкпаган соң Маманова алардын үй-бүлөсүн коркутуп-үркүтө баштаган. Ал эми анын “Вести.kg” электрондук басылмасына “Вице-мэр мени өзүнүн төртүнчү аялы Акмөөр Маматованын колу менен кылмыш жообуна тарттыргысы келүүдө” деген маалыматы жалган. “Мен Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы вице-мэри Мамыт Ботоевдин төртүнчү эмес, экинчи жубайымын” дейт Акмөөр.

Эми биз Розакандын тикенектүү кордугунан кутула албай жаткан Акмөөрдүн баянына кеңири токтоло кетпесек болбойт. “Мен эки кыздын энесимин, биринчи топтогу майыптыгыма карабастан аларды жалгыз өзүм тарбиялап жатам. 2000-жылы көрүүмдөн айрылгам. Мен Кыргызстандын бүткүл калкына “Биздин үй-бүлөнү, дегеле биздин шаардын акыл-эстүү бардык адамдарын Роза Маманованын кордугунан коргоп калгылачы” деп кайрылгым келет. Роза Мамановага окшогондор бейкүнөө адамдардын тынчын алып, нервин бузуп, ден соолуктарына залакасын тийгизүүдө.

Маманова 1978-жылы туулган, мурда Өзгөндө жашап, күйөөсү жана төрт баласы бар болгон. Үй-бүлөсү, кошуна-колоңдоруна, ал турсун укук коргоо органдарына чейин тынчтык бербей, жаңжал уюштуруп жалган арыздарды жаза бергендиктен күйөөсү ажырашууга аргасыз болгон. Маманова азыр эч жерде иштебейт, ишкерлик да кылбайт. Кайсыл акчага жашап, балдарын контракт менен кантип окутуп жаткандыгы да суроо жаратат.

Күйөөсү таштап кеткенден кийин биздин шаарда пайда болгон Маманова үйрөнгөн адатын улантып, Кызыл-Кыяны да кыйсыпырга түшүрдү. Көзгө илинген чиновниктерге компромат топтоп, жалган ушак-айыңдарды жайылтуу менен алек болду. Ал жамынган “Элдик көзөмөл” деген коомдук бирикме Баткен облусунун аймагында катталбагандыгы да аныкталды. Бир убакта ал УКМКнын Коррупцияга каршы кызматында иштеймин деп, бирок анысы да жалган болуп чыкты. Менден болсо, ар убак акча талап кыла бергендиктен, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылууга аргасыз болдум. Ошондон кийин гана Кызыл-Кыя ШИИБсы Маманованын үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Уят-сыятты жыйыштырып койгон бул аялдын жоруктарын айта берсе сөз жетпейт. Мен көп улуттуу элдин ынтымагына, бейкут жашоосуна бүлүк салгысы келген Розакан Маманованын кандай адам экендигин жалпы журтка түшүндүрүүгө жакшы эле аракеттендим. Ар кимди негизсиз эле каралай берүү ал ойлогондой сөз эркиндиги же демократиянын белгиси эмес”, – дейт Акмөөр Маматова.

Айжаркын Доктурбекова

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: