Menu

Акылбек Усупбаев, Республикалык урология борборунун жетекчиси: “Бизде 27 жылдан бери “сексуалдуу революция” болуп жатат”

Бөлүшүү:

-Азыркы учурда урологиялык оорулардын ичинен эркектин алсыздыгы жана тукумсуздук сыяктуу көптөгөн оорулар кездешүүдө. Мындай оорулардын көбөйүшүнө эмнелер себеп болуп жатат?

—Кыргызстанда мындай урологиялык оорулардын ичинен тукумсуздук тууралуу айта турган болсок өзүнчө эле чоң маселе. Мурунку учурларда балалуу болбой калган үй-бүлөлөрдө 100% аялдар күнөөлүү болоор эле. Азыркы кезде болсо 40% эркектер күнөөлүү болуп жатат. Себеби жаш кезинде эле эркектердин жыныс органдары сезгенет да туура эмес дарылоодон улам күчөп кетет. Туура эмес дарылоо дегеним – убагында кайрылбай, өз алдынча дарыгердин көзөмөлүсүз дарылануу. Чет мамлекеттерде дары-дармектерди атайын өзүнүн рецеби менен алышкандан кийин дарыгердин көзөмөлү астында колдонушат. Бизде бейтаптар дарыгерге көрүнбөй эле аптекалардан өз алдынча дарыларды сатып алышып, дарыланган учурлар көп кездешет. Ушуну токтоткондо гана оорулар азаят. Бул тукумсуздукка көптөгөн себептер бар. Алар экологиянын бузулушу, инфекциялык таротит, туберкулёз ооруларынын көбөйүшү жана тамак-аштын таасири. Казакстанда атайын мамлекеттик программалар түзүлгөн. Мунун негизинде мамлекет тараптан каржылоолор болгондуктан эко-борборлор курулган. Ал жактагы мамлекеттик жана жеке эко-борборлор заманбап жабдыктар менен камсыз болгон. Кыргызстанда болсо бир дагы мамлекеттик эко-борбор жок. Жеке эко-борборлодон эки-үчөө ачылып жатат. Бирок, ачылган күндө дагы алардын деңгээли жетиштүү эмес деп ойлойм. Ошон үчүн амлекеттик эко-борборлор курулушу керек. Мисалы, баласы жоктор деле Казакстанга барып 3-4 миң доллар төлөп балалуу болуп келип атышат. Эгерде бизде деле мамлекеттик эко-борборлор курулса элге мүмкүнчүлүктөр жүрчү каналдарга операция жасап болушунча жардам берип аракет кылып жатабыз. Бирок колубуздан келбегендерди жанагыдай эко-борборлорго жибергенге аргасыздан мажбур болуп жатабыз. Анткени бизде андай мүмкүнчүлүк жок.

—Эркектин алсыздыгы боюнча сизге канча жаштан баштап кайрылышат?

—Негизи 12-13 жаштан баштап ар бир эркек балада сперматозоиддер жетиштүү деңгээлде пайда болуп калат. Ошондон баштап ата-энеси кандай тарбия берет? Маселе ушунда болуп жатпайбы. Союз убагында 10 жаштан баштап 16 жашка чейинки эркек балдарды караган педиатрлар болчу эле. Бизде азыркы кезде андай педиатрлар жок. Анан мындайча айтканда 27 жылдан бери “сексуалдуу революция” болуп жатпайбы. Мунун натыйжасында сезгенген жана жугуштуу оорулар пайда болуп жатат. Акыры анын кесепети алсыздыкка алып келип жатат. Ошон үчүн мен айтаар элем. Бул ден-соолукту эркектер бала чагынан баштап жакшы карагандан тышкары ата-эненин көзөмөлүндө болгону оң. Мындан тышкары урологдон кеңеш алып турушу керек. Мисалы, үйлөнө турган жаштар мүмкүнчүлүгү болсо үйлөнөрдүн алдында бир сыйра текшерилип, адистин көзөмөлүнөн өтсө жакшы болмок.

—Ушул жагынан биз башынан эле аксап келебиз. Ачыгын айтканда менталитетибизге жараша кыргыздарда уяңдык бар да…

— 15 жылга жакын убакыт болуп калды. Биз жыл сайын акция сыяктуу мырзалардын жумалыгын өткөрөбүз. Андай учурда Бишкектен тышкары облустарга да барып бир жумабы, же он күн болобу эркектерди бекер текшеребиз. Бул болсо жанагы менталитетибизди өзгөртөлү деген максатта жасалган аракетибиз экенин баса белгилеп кетмекчимин. 15 жылдын аралыгында жашынан тарта карыганына чейин 20 миң эркектин ден-соолугун текшердик.

—Ал иш-чаранын натыйжасы кандай болду?

—Жыйынтыгында көп ооруларды таап, өзүбүздүн сунуштарыбызды айтып, айрымдарына операция жасап, жөн эле дарылана турганына кеңештерибизди берип көптөгөн жакшы иштерди аткардык. Ошондо сезгенген оорулар биринчи орунда турарын билдик. Андан кийин “простата” бездеринин оорулары, тукумсуздук, алсыздык турары белгилүү болду. Менталитет демекчи, эң башында эркектерди аялдары, кыздары жетелеп келишчү. Акыркы убакта эл көндү. Бирок мен ушундан пайдаланып айтып кетээр элем. Ар бир адам аракет кылып өзүнүн ден-соолугуна көңүл бурбаса артынан кубалап жүрүп текшерген болбогон иш. Ошон үчүн ата-энелер балдарына көңүл буруп, ар бир нерсе өз убактысында жасалса баардыгы жакшы болот деп ойлойм.

—Тукумсуздук маселесин ЭКОго чейин чечкенге азыр мүмкүнчүлүк барбы?

—Бул маселени чечүү үчүн биз биринчиден диагноз коюп, анан себептерин аныкташыбыз керек. Ошондо операциясыз дарылоого мүмкүн экендиги, же операция жасоо керектиги билинет. Эгерде уругу бөлүнүп чыкпаса, анда ал үй-бүлөнү сактап калганга аракет кылышыбыз керек.

—Урологиялык оорулар бизге салыштырмалуу мурунку постсоветтик өлкөлөрдө кандай кездешет?

—Статискаларды карап көрсөк ал өлкөлөрдө деле биздегидей эле кездешет. Бирок медициналык жабдыктар жетиштүү. Гемодиализди өмүр бою бекер алышат. Квота аркылуу бөйрөктү бекер алмаштырып беришет.

—Акыркы убактарда Америка, Европа мамлекеттеринин таасиринен улам бизде дагы жыныстык мүчөлөрүн алмаштырган жаман адат пайда болду. Ушул боюнча да жалпы түшүнүк бере кетсеңиз?

—Буга чейин көп эле маек бергенимде мага ушундай суроолор берилчү. Биздин Конституцияда “Кыргызстанда ар бир адам жынысын алмаштырганга акылуу” деген берене бар. Бирок бизде менталитеттен тышкары диний жактан алып караганда муну туура эмес деп эсептеймин. Тилекке каршы жынысын алмаштыра турган адамдарга биз жардам берүүгө – акылуубуз. Мисалы, жыныс органдарынан көйгөйлөр кездешип төрөлгөндөр бар. Алар экиге бөлүнөт. Мунун биринчисине нормалдуу болуп төрөлгөндөр кирсе, экинчисине жыныс органдарынын кемчилиги болуп төрөлгөндөр кирет. Буларды гермофреттер деп коёбуз. Буларда төрөлгөндө аялдын да, эркектин да жыныс мүчөсү болот. Ошон үчүн биз буларды операция жолу менен калыбына келтиребиз. Көбүнчө буларга төрөлгөндө балдар ооруканасында операциялар жасалат. Анан чоңоюп калганда бизге кайрылышат. Биздин борбордо 10 жылдын аралыгында 20га жакын операция жасалды.

—Соо туруп эле “мен кыз болом”, “мен эркек болом” дегендер да кездешип жатпайбы?

—Алар башка… А биз табиятынан жыныс органдарынан кемтик болуп төрөлгөндөрдүн аял болом дегенин аял кылып, эркек болом дегенин эркек кылып операция жолу менен оңдоп коёбуз. Бирок алдын-ала текшерип генетикасына карап аял боло турганга, же эркек болгонго мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болсо, ишти ошого жараша бүтүрөбүз. Андан тышкары транссексуалдар бар. Булар кадимкидей эле кыз же эркек болуп төрөлүшөт. Бирок эркектери өзүн аял, аялдар болсо эркекмин деп эсептегендиктен булар коомчулукка батпай калат. Ошолордон бизге кайрылышканда буга чейин эки-үч операция жасадык. Бирок аял боло тургандардыкы оңой болгондуктан аларга бир эле этап менен операция жасап койсо болот. А аялды эркек кылуу эки-үч этап менен жасалат. Анан мындай операциялар мамлекеттин эсебинен жасалбашы керек. Жынысын өз каалоосу менен алмаштыргандар каражатты өздөрү төлөп операция жасатышат.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: