Menu

Видео – Сагынбек Абдрахманов: “Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп легитимсиз шайланган, аны меньшевиктер шайлашкан, биз большевиктер аны кетиребиз”

Бөлүшүү:

“2017-жылы 11-августта биз, “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы “Ала-Тоо” аянтында ачык пресс-конференция  бергенбиз. Ошол убакта бул жерде олтурган журналисттер да бизге ишенген эмес болчу. Ал кезде Алмаз Атамбаев президент болчу, Сооронбай Шарипович премьер-министр эле, экөөсү бир команда, бир муштум эле”, – деп билдирди бүгүн, 27-февралда “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын лидери Сагын Абдрахманов.

“Ошондо биз Алмаз Атамбаевич, партияны узурпациялап алдыңыз деп айтканбыз, партиянын принциптирин бузуп жатасыз, таптакыр башка жака кетип баратасыз, партияны экиге бөлүп салдыңыз, өзүңүздү легитимсиз шайлап, легитимсиз съезд өткөрүп, партияны экиге бөлүп таштадыңыз, меньшевиктер  менен “Орион”  мейманканасында съезд өткөрдүм деп, большевиктерди бөлдүм дедиңиз,  ошентип биз КСДПнын карапайым мүчөлөрү большевиктер болуп калдык…  Журналисттер бизге ишенген эмес, 2017-жылы 11-августта “Силердин колуңардан эмне келет?” деп, “Атамбаев президент, олигарх! Сен кимсиң? “Ала-Тоо” аянтына чыгып алып жарыялай тургандай , колуңардан эч нерсе келбейт” деп кээ бир журналисттер бизди шылдыңдаган болчу.  Бүгүн бизди Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облусундагы партиялаштарыбыз колдоп кетишти, түштүктөгү партиялаштарыбыз күтүп жатышат, качан келесиңер деп чыдамсыздык менен күтүүдө”, – деди Сагынбек Абдракманов.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: