Menu

Тажикстанда жоолугу үчүн жумуштан бошотулган китепканачы соттошууда

Бөлүшүү:

Душанбе шаарынын Исмоили Сомони райондук сотунда Тажик мамлекеттик медициналык университетинин мурдагы кызматкеринин жогорку окуу жайга карата доо арызы каралууда. Малика Сангинова жоолугун чечүүдөн баш тартып, социалдык түйүндөргө пост жазганы үчүн жумуштан бошотулганын билдирүүдө.

“Акыркы төрт жылда университеттин жетекчилиги ырааттуу түрдө кысым көрсөтүп, жоолугумду чечүүнү талап кылып жатты», – деди Малика Сангинова.

Өткөн айда ага “өз каалооң менен иштен кетүүгө арыз жазасың, болбосо студенттерге орой мамиле кылганың үчүн атайын берене менен бошотуласың” деген талап коюшкан. Сангинова 8 жыл университеттин китепканасында иштеген. Ал арыз жазуудан баш тарткан.

Бирок университеттин юристи мурдагы китепканачы жоолук жана социалдык түйүндөрдөгү диний билдирүүлөрү үчүн эмес, “ички тартипти бузганы үчүн” бошотулганын билдирди.

Сот Малика Сангинова менен университет жетекчилигин тынчтык келишимин түзүүгө чакырды, бирок тараптар буга макул болгон жок. Кийинки отурум бир жумадан кийин болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: