Menu

Келдибек Ниязов, куудул: “Бишкегим, сүйүнчү!”

Бөлүшүү:

«Калк айтса, калп айтпайт» дегендей өтө кубанычтуу кабарды угуп алып сүйүнгөнүмөн жүрөгүм жарылып кете жаздап, ал кабарды сиздерге сүйүнчүлөп турам. Бул кабарды оозуна алы жетпеген жел ооздордон уксам бир жөн эле, болгондо да кыргыз үчүн күйүп-бышып чуркап, иштеп жүргөн, келечеги чоң карындашыман угуп жазып отурам. Кыргыздын эки коомдук ишмерлери Аскар Салымбеков менен Шаршенбек Абдыкеримов биригишип Бишкек шаарына заманбап 4-5 миң киши бата турган, көркү көкөлөгөн маданий, спорттук жай салып бергени жатышыптыр. Ылайым эле эки азаматыбыздын ойлогон иштери ишке ашса экен.

Экөө айтканын жерге таштабай ишке ашырган азаматтар . Эми мен экөөнүн буга чейин кыргыз элине кылган эмгектеринен айта кетейин. 94-жылдарда Казакстандын Каспий жээгиндеги облустарына гастролго барып калдык. Ал жактын казактары концерттен кийин сахнага чыгышып «Ой-бай, туустар үлкөн ырахмат! Биз сиздерди укчу элек, бирок, өңүңөрдү, сүйлөгөн сөзүңөрдү биринчи эшитип, көрүп турумуз. Биз угабыз, «Кыргыз деген эл бар, Ала-Тоо деген тоо бар, Ысык-Көл деген көл бар, анан Орто Азиядагы эң чоң, эң арзан «Дордой» деген базар бар» деп, алкыштарын айтышты эле. Чындыгында элибиздиң 50-40%ы ошол Аскар ачкан «Дордой» базарында эмгектенишип үй-бүлөсүн, ата-энесин, өздөрүн багып жатышпайбы. Же калппы? Чындыкты айтпай чукуган жакты көп айткан элбиз, аны моюнга алыш керек. Эми Шаршенбек түптөгөн «Аю» фирмасы жөнүндө көргөнүмдү айта кетейин. Момунбек кудамдын кызы Францияда окуусун бүтүп француз жигитке турмушка чыгып «Алтын-Казынада» той берди. Франциядан 40тай коноктору келип, алардын столуна жалаң швед, финдердин арак, коньяк, винолорун койдурган экен. Өтө кымбат баадагы. Бир кезде аларды тейлеген жигит келип «Тигилер ичкиликтин бирин дагы ичпей отурушат. Алар бизче уурташпайт экен, жытын алып эле бири-бирин карап ичпей жатышат»- десе болобу. Момунбек барса алар айтышыптыр, бул ичкиликтер ал жактыкы эмес, бөтөлкөсү эле ошолордуку, ичи самопалдар. Бизге өзүңөрдүн Кыргызстандан чыккан ичкилигиңерди бергиле деп. Анан ошол кезде чыгып аткан «Аюнун» арактарын бере баштаса алар «Аю», «Аю» деп бакырышып иче башташпадыбы. Эртеси Ала-Арчага сейилдетип барышып «Күмүш-Булакка» токтошкондо булак суусунан ичишип ошондо «Силердин арагыңардын тазалагы сууңардан экен» дешкен. Эми Момунбек айтат: “Кудам менен сүйлөшкөндө «Аю», «Аю» деп кыйкыра берет, каттагандардан жөнөтүп турам” – деп. Көрдүңөрбү, «Колдо бар алтындын баркы жок» деп таамай айтышкан. Биз анча баалабасак дагы чет жак баалап жатпайбы эки азаматыбыздын кылган иштерин. Эми Аскар, Шаршенбек, силерге дагы айтаарым, Үчүнчү көчмөндөр оюнуна боз үйлорүн тигин барышкан Анина, Күлүйпа деген байбичелер айтышты эле. Боз үйлөрүбүзгө чет элдиктер көп киришти. Киргенде эле алар боз үйдү бир сыйра карашып эле керегени кармалашат, уук менен түндүктү карашат, кайра-кайра сүрөткө тартышат. Тилмеч кыздан сурасам аларга боз үйдүн түзүлүшүнөн аябай чоң стадион курса болот экен дешиптир. Ушуларды айтып жатканым эгер ойлогон ишиңерди баштап калсаңар сыртын боз үйдөй кыла көргүлө, бөлөктөр баштап жибере электе, ичин кандай кылсаңар өз эркиңер. Эми чындыгында борборубуз бир чоң маданий спорттук жайга муктаж болуп турат. Спорт сарайыбыз чындыгында эле сарай болуп калды. Эртең менен бадчылардын майрамы, түштө балыкчылардын, түш оой мода, кечинде шоу. Күрөш боюнча Азия биринчилиги өткөндө өзүм уялып кетип калгам. Чет элден келген спортчулар ар кайсы бурчта тепкичте гезит төшөп чечинип жаткандарын көрүп. Мунун баарын Аскар менен Шаршенбек аралашып өз көздөрү менен көрүшүп, ичтери ачышып, жүрөктөрү ооруп ушул кадамга барып жатышат болуш керек. Анын үстүнө экөө тең Кыргыз спортун көтөрүшүп колдоп, жөлөп көп жерге жетектеп барып жүрүшпөйбү.

Баштай турган ишиңер ишке ашсын. Сала турган болсоңор жер талашпай Байтиктин Боз-Бөлтөгүнүн Оң-Бөлтөгүнүн үстүнө салсаңар заңкайып казактын талаасынан көрүнүп тургандай болот эле. Аскар, Шаршенбек, байкеңерди кечирип койгула, баштала турган ишиңерди эрте эле айтып жибергениме. Анткени, экөөңөргө ишенем, баштайм дегенди баштайсыңар, бүтүрөм дегенди бүгүрөсүңөр. Силерге Кудайым кубат берсин!

Келдибек Ниязов, куудул, Кыргыз Республикасыньш Эл артисти
Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: