Menu

Өзбекстан: Түрмөдө өлгөн аялдын туугандары анын оор жумушта иштегенин айтышууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын №42 колониясында 62 жаштагы Сайжура Гадаева каза болду. Маркумдун туугандары ал саламаттыгы начар экенине карабай, түрмөдө оор жумуштарда иштегени үчүн көз жумду деп эсептешет.

“Түрмөдө анын оорулуу экенине ишенишкен жок, мазакташты, иштөөгө мажбурлашты. Эми колониянын кызматкерлери соттолуучулардан текшерүү учурунда “эч нерсе көргөн жокпуз” деп айтасыңар деп талап коюп жатыптыр. Түрмөнүн башчысы соттолуучуларды эки саат тик тургузуп, кысым көрсөтүп, опузалат жатат “, – деди өз булак.

Жаза аткаруу башкы башкармалыгы Сайжура Гадаеванын өлгөнүн тастыктады, бирок оорусуна карабай, оор жумуштарга тартылганын четке какты. “Ооруган жумушчулар жумушка чыкпайт. Гадаева ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткан, ошол жерде өлгөн”, – деди колониянын кызматкери.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча соттолуучунун өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала бүтүмү боюнча ал жүрөк оорусунан улам каза тапкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: