Menu

Атамбаев эки революцияда эмне үчүн аялдарды астыга салган?..

Бөлүшүү:

Тагдырдын кайталанышы, саясый бап келишүүлүк кайсы бир жылдар өтсө да шайкеш келгендей кайталанганын кара. Мен көп нерсеге тирүү күбө катары байкоо жүргүзүп, аныгында, бир жыйынтыкка келип отурам.

2005-жылы Көк-Жардан Алмазбек Атамбаев менен Мелис Эшимканов «бортовой машинага» түшүп алышып, Акүйдү көздөй аттанышкан. Астыңкы катарда жөө баскан Рая Атамбаева, Ирина Карамушкина, Надира Сатыгул кызы, ж.б. болчу. Ошентип, аянтка аялдардын духу менен Атамбаев келип (агезде Бакиев баштаган толпаны аскерлер сүрүп, кубалап таштаган), түптүз эле Акүйдүн ичине сүрмө топ менен кирип кеткен. Натыйжада, бийлик элдин колуна КСДПнын аялдары баштаган колоннанын күчү менен өткөн…

2010-жылы 6-апрелде Атамбаев, Текебаев баштаган оппозициянын лөктөрү түнү менен камалышып, эртеси «Форумда» саат 10.00дө эки жүздөй гана адамдын карааны бар эле. Аңгыча трибунага Ирина Карамушкина, Токтайым Үмөталиевалар чыгышып, жалындуу сүйлөп турушту. Бир саатка жетпей «Форумда» элдин саны эбегейсиз көбөйүп кетти. Анан милиция менен элдин кагылышы болуп, акырында күч органдары таяк жеп, жалпы агым борборду көздөй бет алды. Ошондо аялдардан көч баштаган Ирина Карамушкина менен Токтайым Үмөталиева болчу. А биз айымдарга катарлаш баса жөнөдүк…

2019-жылдын февраль айында Атамбаев «Форумдан» маалымат жыйынына Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Кундуз Жолдубаева менен чыкты. Мен өткөн чакты саресеп салып, үч айымдын коштоосундагы экс-президенттин алсырап турганын көрүп, а түпкүрүндө болсо, дал ушундай алсыз көрүнгөндөй түр жасоо менен эртең башкача образ жаратарын ойлодум. Атамбаев табиятынан сыйкырчыдай түс жаратып, кубулуп турат…

Менимче, алдыда Атамбаев эски тажрыйбаларын колдонуу менен өлкөгө өзгөрүүлөрдү алып келиши ыктымал. Себеби, ал азыр саясатчылар менен эмес, айылдардагы «башы жок» жигиттер менен иштешип атат…

А бу саам Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Кундуз Жолдубаева жол баштайт…

Арстан Алгырбеков

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: