Menu

Чыгаан лидер болбосо эч ким өсүш кылалбайт – абалың кандай партия?

Бөлүшүү:

Өрдөк жокто чулдук бийлеп каларын турмуштан көп көрдүк. Азыркы учурда партия дегендердин кунары учуп, түлөгөн тайлак кейптенип калганы ырас. Анткени партиянын башындагы лидердин дымагы болбосо, берүүгө ашы тартыш болуп турса, кылычтай шилтенген курч мүчөлөрү көрүнбөсө кайдагы кубаттуулукту айтасың.

Чынында эле мурдагы илебине токоч бышырган, эрктүү, батыл лидерлерди күндүзү чырак менен издеп таба албай калган кезибиз. Өмүрбек Текебаев бүгүнкү күндө камакта отурат. Анын ордуна “Ата Мекен” фракциясына башчы болгон Алманбет Шыкмаматовдун деле анчалык зоболосу көтөрүлүп кетпеди. Эптеп эле күн тийген жактын “шамчырагы” болуп өмүрүн өткөрүүдө. Ошону менен катар “Республика” партиясында күңүрт фон берилип калганына бир жылдан ашып кетти. Кыргызстандагы номуру биринчи олигарх аталган Өмүрбек Бабановдун карааны учурда Москвадан баамдалып калды. Ал дагы саясаттын ташына катуу чалынып, омурткасын кокустатып алып, “реанимацияда” дарыланып жаткан убагы. Эгерде эле өлкөдө калганда эчак караңгы жерден орунун тапмак. Азыр лидер болуп парламентте отурган Жыргалбек Турускулов мындан ары Бабановдун “хоруна” кошулуп ырдабайт. Себеби, башка үйүрдүн тобуна корголоп кирип кеткен. Ал эми Руслан Казакбаевдин чама-чаркы ченелүү. Кыймылдоого шайы жок. Бирин-экин тарапташтары болсо желеге байланган кулундай болуп, эки жакты элеңдеп карап турушат, эмне болуп кетер экен деп. “Кыргызстандын” лидери болуп жүргөн Канат Исаевдин боштондукка чыкканына аз эле убакыт болду. Тогуз айдагы бөксөргөн жерлерин эми толтуруп, не кадам жасаарына анализ жасап жатат. Аны деле жээриген партиялаштары жок эмес, бар. Алмазбек Баатырбековду болсо колдогон кожосу көзөмөлгө алып, каалагандай калчап турары деле белгилүү. Бакыт Төрөбаев баштагыдай трактирлерин таркылдатып жерди коңторто албаган кези. “Өнүгүүнүн” деле чектеген марасы алыста, кол жетпеген жерде. Анын деңгээлине кадимки Исхак Масалиев деле көбүрүп, жабырып кетпестир.

Ушулар азыр парламентте караан болуп турушат. КСДПнын парламенттеги лидери болсо эбак “шалтурукка” айланган. Кез келген жерден Иса Өмүркуловду эки айым депутат чекесин томуйтуп салат. Анткени кара башын калкалоого ык берген кишинин абийири айрандай төгүлүп, ашмалтайы чыгып кетери ачык билинди. Кезинде “мощный” делген партиянын эми “скелети” эле калды парламентте. Азырынча “Бир болдун” чоңу Алтынбек Сулайманов гана туруктуулукту сактамыш этип турган учуру. Анткени тиш кагып калган экстер анчалык катуу кетпей сабырдуулугун айгинелөөдө. Кыйла каныга түшкөн Алтыке болсо ушунусуна каниет кылып, алаканын ушалап, алдыртан абалга турнабайын чактаган кези. Спикердин дагын салмагы кандай экендиги жалпыга маалым. Анын жүрөгүнүн үшүн алып койчу үлкөн өкүмдар бар экенин жашырууга шарт жок. Баары алаканга салгандай көрүнгөн учуру. Кылт этти дегиче “нокдаунга” кептелет. Коом ошондой болгон соң андан чыгып кетүүгө эрк жетмек беле? Ал үчүн башкача соккон баатыр жүрөк талап кылынат, туурабы? Андай жүрөк болбогон соң жан багуунун амалына өтүү зарыл.

Ушундай туңгуюкка кептелген өлкөнү деги кайсыл партиянын лидери алып чыга алат деген суроого жооп табуу абдан оор. Жөн эле аты бар, заты жок партиялар болсо кимге корголоп оокат кыларын билбей баштары маң. Үлкөндөр болсо ошол чийки партияларды кантип бышырып, марага чейин жеткирүүнүн айла-амалдары менен алек. Кимисине кайсынысы кошулуп, шайлоого аттанар экен деген “чайкама күүнүн” нотасын иштеп чыкчу кыйындар акырындан иргелип, кабелтең командаларга кошулуунун алдында турушат. Арийне, андайда ошол эптүүлөр баары бир капчыктуунун нөкөрүнө айланат. “Ашказан философиясы” ошого мажбур кылат. Себеби, алардын деле сары ооз балапандай богон үй-бүлө мүчөлөрү бар, баарына оокат керек. КСДПны шайлоого алып чыгам деген партиянын лидери Алмазбек Атамбаевди “таш бараңга” алуу операциялары басаңдап калбастан, күндөн-күнгө күчөп баратат. Антсе да тазалануу, жаңылануу процесстери жүрүп жатканын жакындагы пресс-конференциядан уктук. Күчкө салып болсо да бул фаворит партияны шайлоого жеткирбей талкалоого киришкен “күжүрмөндөр” болсо жогору жакка “рапортторун” тапшырып, Атамбаевдин түбүнө жетебиз деген түрүн көрсөтүшүүдө. Айрыкча “Республика” партиясында баш калкалап жүргөн Данияр Тербишалиев сыяктуулар Бабанов кеткенине байланыштуу ушул топко кирүүгө аргасыз болушту. Эгерде шамал ызылдаса буга окшогон суу жүрөктөр кайра эле бет кабын башкага алмаштыра салышаары турган иш. Учурда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын арыштары кескин түрдө катуулап баратат. Ким билет, балким “жалаң төштөр” биригип чоң утукка жетип алар күн жакындап келаткандыр? Анткени байлыкка, бийликке чамынбаган “армиянын” ийгилиги анын сатылбаганында, лидерине берилгенинде болуп жүрбөсүн? Эмнеси болсо да азыноолак учурдагы партиялардын абалына токтолдук. Кийинчерээк кенен-чонон кеп кыларбыз.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: