Menu

Депутат Тотоновдун орто билими бар экен

Бөлүшүү:

Кулак, мурунду чуулдатыш боюнча мелдеш уюштурулса марага келчүлөрдөн баш айланып кетмек. Анткени жалган апыртмаларды чындай кылып көрсөтүүгө машыккан таратуучулар толтура. Так ошолор дайыма кулагын имиш кептерге тосуудан жадабайт. Пыйп эткен добуш чыгар замат асмандан чагылган түшүрүп бапылдап жатып калышат. Керек болсо айрым кезеги келип калган талапкерлерге жетип барып “сонун” жаңылыгын жарк эттирүүгө даяр. Эмнеси болсо да чынга эмес калпка тез ишенген бечаралардын азабын ошого окшогон жалпайган бетке “кесме” илгичтер расса берүүгө шымаланып турушат.

Жакындан бери кезеги келгендиктен мандатты алып ишке киришкен депутат Нурбек Тотоновдун “бейнесин” кыйшык чагылдырууга болгон аракет күжүлдөп жүргөн кези. Кермеге тартылган дамбалга окшогон сүрөттү бергендер тимеле жоо сайып келгенсип мадырайышат десең. Кызыгы, орто билими жок, аттестаты жасалма деген маалыматты колу жеткен жердин баарына чапташты. Коомчулукту куп дүрбөтүүгө далалаттанышты. Ошентсе да билим берүү министрине жолдонгон катты Токтогул райондук элге билим берүү бөлүмү жөнөтүп, анысы маалымат булактарына чыкса деле тигилер жоошуй турган түрү көрүнбөйт. Эл өкүлү болсо жайбаракат элге кездешүү менен алек. Анткени эч кандай корко турган факты жок. Жоругу жолдо калгырлар болсо дагы кимдин былыгын табар экенбиз деп элеңдешет.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: