Menu

Төрөбай Зулпукаров, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Жүрөккө акысыз алтымыш операция жасалат”

Бөлүшүү:

– Төрөбай мырза, чет элдик эки кайрымдуулук фонд менен жүрөккө акысыз операцияларды жасоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан экенсиздер. Бул аябай эле жакшы жаңылык. Себеби, аз камсыз болгон кишилер үчүн чоң жардам эмеспи.

– Алар 60 кишиге акысыз операция жасап берүүгө макулдугун беришкен. Бирок, саламаттык сактоо министрлигиндегилер «Бишкектеги мамлекеттик кардиологиялык ооруканада орун жок» дегендей жооп айтышты. Ошондуктан, бул операциялар Жалал-Абадда жасалмай болду. Мындай операциялар буга чейин да жасалган. Кудай буюрса, бул дагы акыркысы эмес. Алар менен келечекте да кызматташууга ойлорубуз бар.

– Биздеги маалыматтар боюнча, жүрөккө жасалчу андай операциялардын баасы 3 миң доллардан кем эмес экен. Элдин баарынын эле андай акчаны жыйнаганга мүмкүнчүлүгү жок. Анан ошондой шартта министрлик бул демилгени кош колдоп колдоонун ордуна «Бишкекте орун жок» дегени таңкалычтуу болуп атат.

– Бул бизге деле таңкалычтуу. Бул тармакта мындай нерселер көп экен. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр операция жасатмак турсун, текшерүүдөн да өтө алышпайт. Ал үчүн 17 миң сом төлөш керек.

– Комитеттин отурумунда сиз ушул суроону берсеңиз, саламаттык сактоо министри «бул тууралуу менин маалыматым жок экен» деген таризде жооп берди. Министр билбей да кылышы мүмкүнбү?

– Мен тактадым. Чындап эле билбей калыптыр. Министрдин атынан орун басарлары жооп беришкен.

– Сиз ошол алтымыш операциянын отузун Бишкекте жасатууну сунуш кылдыңыз. Бул чечилчүдөйбү?

– Ооба. Отузун Бишкекте, отузун Жалал-Абадда жасоо маселеси каралып жатат.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: