Menu

Кожобектин колун кайрыгандар палван турбайбы

Бөлүшүү:

Парламентте куудул чалыш бирөө бар-Кожобек Рыспаев деген. Маралга барса Күмөндөрдү туурайт, парламентте болсо боздогон кемпирдин монологун айтат.

Ал микрофонду кармаганда эле дагы эмне деп ыйлаар экен деп эл санаага бата баштайт. Өзүн сактоо сезимталдыгы анда катуу өнүккөн. Болгондо да образга түшүп туруп бажаңдайт дейсиң тимеле клубда отургандай абал жаралат. Айтор, ал сахна менен парламентти алмаштырып алгандай көз карашты пайда кылат.

Мындан он жылдан кийинби, же жарым кылым өткөндөбү “парламенттеги пахмелдер” деген роликти көргөндөр кытылдап күлөөрү калетсиз. Негизи анын колун кайрыгандар палван турбайбы деген суроо сөзсүз жаралбай койбойт. Көрсө өзүнүн принциби жоктор оңой эле колун кайрытып, акелеп макулдугун берет турбайбы? Мына эми деле анын колун кайрычулар болбой койбойт. Түштөн кийин сөөмөйүмдү кнопкага зордоп бастырышпадыбы, антпесе жок деп добуш бермекмин дээрине күмөн санабайбыз. Ушундай ойноок депутаттар бар үчүн парламент былк этпей кармалып турат. Кожобектин жанында Капашовичтин “трюктары” шоона эшпей калат, чиркин!

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: