Menu

Мурат Суталинов түрмөдө өлүп калса, бийликтин бетине чиркөө болот

Бөлүшүү:

Абактагы Мурат Суталиновдун бөйрөгү 4-баскычтагы рак илдетине чалдыкканы, ошондой эле өпкө-боору жана жүрөгү да ооруй турганы айтылып, буга чейин дарыгерлер тарабынан тастыкталып, сотко көрсөтмө берилгени ырас. Түрмөдөн мындай оор илдетти дарылоого болбой турганы маалым. Ошол эле кезде ЖАМК да анын мүнөзү жакшы экенин, эркиндикке чыгарууга каршы эместигин билдириптир.

Ал эми 15-февралда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев УКМКнын экс-төрагасы Мурат Суталиновдун оорусуна байланыштуу эркиндикке чыгуусуна каршы чечим чыгарган. Эске салсак, ал 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин кармалып, ошондон бери жаза мөөнөтүн өтөп келатат. Аныгында, Суталиновдун кандай күнөөсү болсо да, жаза мөөнөтүн өтөп койду окшойт. Иралды бүгүнкү күндөгү соттордун айыптоосу эмес, Кудайдын жазасынан коркконубуз маанилүү болот эмеспи! Ушунчалык катуу ооруп аткан адамдын тагдырына эми Бишкек шаардык соту кайдыгер карабай, гумандуулук кылуу менен эркиндикке чыгарып койсо, коомчулуктун колдоосуна алынат. Эгер түрмөдөн Суталинов өлүп калса, бийликтин бетине чиркөө иш болору калетсиз.

Баса, мурдагы бийлик куландан соо Азиз Батукаевди жасалма документтер менен өлө тургандай образын түзүшүп, эркиндикке чыгарып жиберишкени эсиңердеби? Ал азыр Россияда жыргап жүрөт. Кыргыздын эчендеген балдарын өлтүргөн, кордогон Батукаевге «гумандуулук» кылышып, намысты тебелетишип, анан Суталиновго келгенде ийин куушуруп отуруп калабызбы? Мындай болбойт да, биз адилеттүүлүк үчүн коңгуроо кагып атабыз. Жаңы кодекстердин негизинде деле Мурат Суталиновдун иши кайра каралып, эркиндикке чыгышы мүмкүн, бирок, анын учурдагы оор акыбалын эске алуу маанилүү болуп турат.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: