Menu

Атамбаев үчүнчү революцияга кам көрсө, саясый туткундардын тарапташтары колдошобу?

Бөлүшүү:

Эки жактын тирешүүсү чегине жеткенге жакындап калды. Бир жагы «бийликтин күчү менен басам» десе, экинчи жак «элдин күчүн колдоном» дейт. Бул табигый процесс. «17-март же 6-7-апрелде жаңы бийлик энесин үчкоргондон тааныйт» деген кептер тарап жатат. Албетте, «эл толкуса сел» дейт. А биздин эл азыр толкуйбу – бул чоң маселе. Бир эмес эки революция жасап, бирок элдин пайдасына жакшы натыйжа бербегенден кийин көпчүлүк тажап калган. Ошол эле учурда жаңы бийлик кыжырданууга негиз түзүүдө, маселен, өкмөттүн ишке чоркоктугуна коомчулук нааразы. Бир эсе Акүйдөгү кайсы бир акылмандар таасир жаратышып, түрмөдө жаткан саясый туткундарды чыгарбай жатышы себеп болууда. Мындай абалда эл оппозицияны колдоп кетсе, аларга саясый туткундагылардын тарапташтары кошулсачы?.. Анткени, буга чейинки бийлик башына келгендердин кландык башкаруусунун кесепетинен эки жолу революция болгон да. Ошол революциялардын башында Алмазбек Атамбаев туруп, эки жолу тең өзү каржылаган. Азыр экс-президенттин акчасы мурдагыдан миң эсе көп. Үчүнчү революция болуп кетпегей эле… Себеби, революцияны дайыма колунда акчасы барлар жасашат эмеспи.

Баргы Кусейинов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: