Menu

“Азия Ньюс”: Актоо эмес, тактоо

Бөлүшүү:

«Азия Ньюс» гезитинин 2018-жылдын 12-апрелиндеги санында «Ахматбек Келдибеков «Кара-Суу» чайканасынан Молдомуса Конгантиевден кагуу жеди» деген материал жарык көргөн. Анда «Келдибеков «Кара-Суу» чайканасынан Конгантиевден кагуу жеди. Кызып алган Ахмат жула сүйлөйт. Аңгыча Молдомуса аке чыдабай «Ахмат, эмне деп сүйлөп атасың? Алымбек датканын ордуулук, антип айтпа! Этекке жабышпа, уят болосуң! Тарых-санжыраны биз да билебиз» дейт. Аңгыча эле ызаланган Келдибеков опурула «Алайдан чыккан Данияр Абдыкаров деген жигитибиз ИИМдин орун басары болуп отурат, эми министр кылабыз!» дейт. «Ахмат, сен сыймыктанган Даниярды мен убагында Таласка УВДнын орун басары кылгам. Мына, Пармаш экөөбүз аны көтөргөнбүз. Бирок, көчүккө суу куйгандай кылып сатып кетти. Мен турганда Данияр эч качан министр болбойт!» деп Конгантиев ызырынып, сиркеси суу көтөрбөй диртилдеп алыптыр. Кыскасы, аягында Ахматтын аңкоолугуна отургандар нааразы болушуп, күңкүлдөгөн маанайда тарап кетишиптир».

Бул окуяны сыпаттаган макалада «Ахматтын аңкоолугуна отургандар нааразы болушуп, күңкүлдөгөн маанайда тарап кетишиптир» деген сөздөр чындыкка дал келбейт.

Гезиттин 2017-жылдын 27-сентябрында №39 санына чыккан «Ахматбек Келдибековдун саясый абалы оор болуп турат» деген материалды «Ахматбек Келдибеков жакшы эле Камчыкени ээрчип, Сокени колдоп чыгууга ниет кылса да, негедир жолу ачылбаганын айтышууда. Себеби, «духовный лидер» баш чайкап, «Келдибековду жолотпогула!» деген тапшырма бергенби, айтор, ушул күндөрү Ахмат мырзага оор болуп турат, абалын сурагандар барбы?» деген сөздөр негизсиз экенин белгилейбиз.

2017-жылдын 10-авгусгунда гезитке «Төртилик», «бешилик» деген че за х… ? » деген макалада келтирилген материалдар да жокко чыгарылат.

2017-жылдын 14-июнунда гезитке «Чалажан арстандын мурдуна чыгып ойногон келемиштин образын чагылдырууда» деген материалдагы өтмө маанидеги салыштыруулар, синонимдер, эпитеттерди редакция төгүндөйт.

Редакция саясатчы Ахматбек Келдибековдун аброюна, кадыр-баркына, ар-намысына, ишкердик беделине шек келтирген жогорудагы макалалардагы материалдарды толугу менен төгүндөп, жокко чыгарарын билдирет.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: