Кыштын суугуна карабастан Казакстанда анча-мынча тополоң-тостор кайталанды.
Ага беш баланын тирүүлөй өрттөнүп кетиши себеп болду. Абалдын чыңалып кетишинен сактанууга байкоо салган казак эл башчысы Нурсултан Назарбаев дароо өкмөттү паңга чаап, кайра эле убакыт өткөрбөй жаңысын дайындап салды. Бул да болсо кырдаалдын кан тамырын кармап билүүчүлүк десек болот. Биздин төбөлдөр жок дегенде кызматтан бошогон алты акимдин тагдырын эрте чечип койсо болот эле. Анткени аким болом деп ортомчу, билерман салгандар чоңдордун эшигин сагаалап калышты. Канчалык маселе эрте чечилсе, кыжаалат болгондордун саны азаят.
Булак: «Ачык сөз»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ