Комитетте түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу графиктен кечигип жатканы айтылды. Мунун себеби эмнеде?
– Транспорт министринин айтымында, тоннелди казганда жер борпоң чыгып атыптыр. Алдын ала долбоор боюнча жер катуу болушу керек эле. Ошонун натыйжасында долбоор боюнча күнүгө 3 метрден казуу пландаштырылса, азыр факт жүзүндө 70 сантиметрден гана илгерилеп жатат. Ал эми каржылоо жагынан жумушту артка тартчу эч кандай себептер жок.
– Кечээ биз уккан маалымат боюнча, тоннелдин узундугу 3815 метр экен. Азыр болгону 2100 метр гана казылыптыр. Мындай темп менен иш дагы бир топко созулуп, 2023-жылы бүтпөйт го?
– Азыр алдын ала айта албайбыз. Жогоруда айтылгандай, 3 метрдин ордуна 70 гана сантиметр жылып аткан болсо, убакыт төрт эсе көп коройт.
– ЖМКларда жолдун курулушуна чыгым болжолдогудан көп кетип атканы айтылууда. Бул канчалык так маалымат?
-Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, алар бир тыйын да кошумча каражат талап кылышпайт. Бардык жумуштар ошол пландагы эле суммага аткарылат.
– Анда аткарылган ишти текшерүүнүн зарылчылыгы жок экен да?
– Биринчи, экинчи фаза боюнча текшерсе болот. Көп нерселер аябай кымбатка келген. Ошон үчүн биз кошумча маалыматтар берилишин күтүп жатабыз.
Аттокур Жумаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ