Көпчүлүк күтүп жаткан Black Star Burger рестораны качан ачылаары белгилүү болду. “Азия Молл” соода борборунун үчүнчү кабатынан орун алары күтүлүп жаткан ресторандын ачылыш аземи 6-март күнү, саат 16:00дө башталат. Бул тууралу “Азия Молл” соода борборунун басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Уюштуруучулардын айтымында, ресторандын техникалык ачылыш аземине белгилүү ата мекендик ырчылар катышып, концерттик программа менен корштолмокчу.
Ал эми расмий ачылыш аземине Тиматинин өзү келери күтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ