Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков облустардын жетекчилери менен аймактарды өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-февралда, Өкмөттүн өлкөнүн облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда республиканын аймактарын өнүктүрүү боюнча маселелер жана чаралар талкууланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарында 27-28-февралда өткөн «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциясы аймактарды жана жалпысынан өлкөнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатка тиешелүү бардык маселелерди талкуулоо үчүн жакшы аянтча болгонун белгиледи.

Ал дагы бир жолу аймактарды өнүктүрүү маселеси чиновниктердин ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыт болушу керектигин баса белгиледи, анткени аймактардагы актуалдуу маселелерди чечмейинче, өлкөнүн өнүгүүсү мүмкүн эмес.

Президент аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты колдоп берген өлкөнүн көпчүлүк ишкерлеринин позициясын ыраазычылык менен белгиледи. «Бирок бул демилгени жергиликтүү бийлик колго алган жоксуңар. Силердин аракетиңер, эмгегиңер, демилгеңер чечүүчү роль ойнойт», — деп айтты Президент жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып жана бул багыттагы жумушту күчөтүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков инвестициялык долбоорлорду тартуу максатында башка өлкөлөрдүн бир тууган шаарлары менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө дагы бир жолу эске салды. Аймактарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууда алардын жеке жоопкерчилигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: