Menu

Видео – Жанар Акаев: “Ош-Стамбул авиакаттамын калыбына келтириш керек, Эр-Риядга түз авиакаттамын ачыш зарыл”

Бөлүшүү:

“Биз Кыргызстанга көп өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз режим киргизгенден кийин реалдуу өзгөрүүлөр болду. Германия, Индия, Сауд Арабия өлкөлөрүнөн бизге келген туристтердин саны бир жылда эки эсе өстү. Ошондуктан бул мыйзамды сөзсүз колдоп беришибиз керек”, – деп билдирди бүгүн, 28-февралда депутат Жанар Акаев парламенттин отурумунда.
“Ошондой эле биз “Ачык асман” мыйзамын кабыл алганбыз, бирок, ошондуктан өкмөт туристтер көбөйгөн өлкөлөр менен түз рейстерди ачууну колго алсаңарю Өзбекстан азыр Ташкенттен Саудиянын борбору Эр-Риядга түз каттайт. Бизде жок. Бишкек-Эр-Рияд, керек болсо Ош-Эр-Рияд ушундай түз каттамдар ачылса учуп баргандардын да, учуп келгендердин да саны көбөймөк. Эмне үчүн Ош-Стамбул каттамы жабылып калды, түшүнбөйм. Эми Оштогу кыргыз жарандары Стамбулга Ташкенттен учуп жатат. Аэропортко ар бир жүргүнчүдлөн түшчү 15 доллар башка өлкөнүн бюджетине түшүп жатат. Ошондуктан Ош-Стамбул каттамын кайра жолго койсоңор. Анткени мурун Өзбекстандыктар биз аркылуу учушса эми биздин жарандар алар аркылуу учушуп калды. Акча сыртка чыгып жатат. Туристтердин саны азайып жатат. Стамбулга, Эр-Риядга түз каттамдарды ачкыла”, – деди Жанар Акаев.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: