Menu

Фото – Украинадагы кыргыз элчиси Жусупбек Шарипов Киев университетинин эл аралык мамилелер жана журналистика факультетинин студенттери үчүн лекция окуду

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-февралда Б.Гринченка атындагы Киев университетинде Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов эл аралык мамилелер жана журналистика факультетинин студенттери үчүн, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75-жылдыгына арналган “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү жана анын дипломатиясы” темада лекция окуп берди.

Лекциянын жүрүшүндө Элчи Ж.Шарипов кыргыз элинин тарыхы, байыркы жана орто кылымдагы кыргыздардын дипломатиясынын өзгөчөлүгү, кыргыздардын биринчи дипломатиялык кадамдары, совет доорундагы жана азыркы убакыттагы Кыргызстандын тарыхы, өлкөнүн тышкы саясаты жана Кыргыз Республикасында болуп өткөн маанилүү окуялар тууралуу айтып берди.

Элчи Ж.Шарипов студенттерге кыргыз-украин мамилелери жөнүндө, кызматташуунун перспективдүү багыттары жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы тууралуу баяндап берди.

Баяндоодон кийин Элчи студенттердин жана окутуучулардын суроолоруна жооп берди.

Лекциянын соңунда Элчи Ж.Шарипов профессор, филология илимдеринин доктору, университеттин окутуучусу жана Ч.Айтматовдун чыгармаларын украин тилине которгон Н.Васькивге кыргыздын белгилүү жазуучусу Ч.Айтматовдун 90-жылдыгын белгилөө жана анын жаркын элесин түбөлүккө сактоо аземине өз салымын кошкондугу үчүн Элчиликтин атынан ыраазычылык катын тапшырып, белек менен сыйлады.

Элчи Ж.Шарипов Б.Гринченка атындагы Киев университетинин Ректору В.Огневьюкка лекцияны уюштуруп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, университетке М.Байджиевдин украин тилине которулган “Манас, Семетей жана Сейтек жөнүндө баян” аттуу китебин белекке тапшырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Тараптар билим берүү жаатында кызматташууну илгерлетүү жөнүндө макулдашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: