Menu

“Кыргызалтындын” алтын өндүрүүчү ишканалары 2018-жылы өлкөгө 437 миллион сом зыян алып келди

Бөлүшүү:

26 февралда Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда депутаттар «Кыргызалтын» ААКнун төрагасы Алмаз Алимбеков, комитеттин чакыруусуна келбей “Макмалалтынга” кеткен үчүн отурумду жылдырууга аргасыз болушту. Ал отурумда комитеттин мүчөсү, депутат Экмат Байпакбаев: “Кыргызалтын”да геологтор жок, жалаң юристтер менен экономисттер отурат” – деген сөздү айткан.

“Кыргызалтын”, депутат Экмат Байпакпаев, тармакты түшүнбөйт деген таризде, ишкананын техникалык адистеринин атынан, өндүрүш боюнча орунбасар Казаков Талант баш болуп, чоң нааразычылык кайрылуусун маалымат агенттиктерге таратышты.

“Кыргызалтындын” алтын өндүрүүчү 3 филиалы бар, алар “Макмалалтын”, “Солтон-Сары”, “Терексай”. “Терексай” филиалынын негизинде 2016-жылы түрктөр менен биргеликте “Эти-Бакыр Терексай” ишканасы түзүлгөн, бирок филиал азыр деле иштеп жатат.

Так маалымат боюнча 2018-жылы “Кыргызалтындын” алтын өндүрүүчү ишканалы: “Макмалалтын” 361 миллион сом зыян, “Солтон-Сары” 34 миллион сом зыян жана “Терексай” 42 миллион сом зыян алып келген. Топтому менен мамлекеттик алтын өндүрүүчү ишканалар 2018-жылы 437 миллион сом зыян алып келген (6,2 миллион АКШ доллары).

Мамлекеттин локомотиви, бюджетке негизги киреше түшүрүп турган тармакта, мамлекеттик “Кыргызалтындын” алтын өндүрүүчү ишканалары 437 миллион сом зыян алып келгени кандай көрүнүш?

“Кыргызалтындын” төрагасы Алмаз Алимбеков Жогорку Кеңештин комитетинин 26-февралдагы отурумуна келбеген негизги себеби ушул болуп жүрбөсүн.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: