Menu

Пакистан “тынчтык үчүн” индиялык учкучту бошотууга ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Жума күнү Пакистандын бийлиги колго түшүрүлгөн Индиянын куралдуу күчтөрүнүн учкучун бошотууну көздөп турат. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Имран Хан парламентте билдирди. Премьер учкуч «тынчтык үчүн» деген ниет менен бошотуларын баса белгиледи.

27-февралда Нью-Дели менен Исламабад бири-биринин аскердик учактарын атып түшүргөнү белгилүү болгон. Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу Кашмир аймагында кырдаал курч бойдон турат.

Буга чейин Пакистан Индиянын аскердик эки учагы шаршембиде Кашмирди экиге бөлүп турган чек ара тилкесинен учуп өтүп, Пакистандын аба мейкиндигине киргенде атып түшүрүлгөнүн жарыялаган. Эки учактын бири Кашмирдин Исламабадга баш ийген аймагында, экинчиси Индияга караштуу бөлүгүндө кыйраганын айткан.

АКШ, Европа Биримдиги, Кытай жана Орусия Индия менен Пакистанда кырдаал курчуп жатканына тынчсыздануусун билдиришти. 27-февралда Кошмо Штаттардын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан эки тарапты тең аскердик аракеттерден алыс болуп, тирешти деэскалация кылууга чакырды.

Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Федерика Могерини Индия менен Пакистанды «болушунча сабырдуу болууга» үндөп, бул олуттуу кесепеттердин алдын ала турганын билдирди.

Пакистандын жакын өнөктөшү болуп саналган Кытай эскалацияга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирип, Исламабад менен Дели кырдаалды жөнгө салыш үчүн болгон күчүн жумшайт деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Орусия эки өлкөнү сабырдуулукка чакырып, бул жагдайды саясий-дипломатиялык жол менен чечүү зарыл экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: