Menu

Бакиевдердин 4,6 млн. долларына Салянованын тиешеси кандай?

Бөлүшүү:

АКШ Бакиевдердин убагында уурдалган активдердин ичинен 4,6 миллион долларды кайтарып бере турганы белгилүү болду. Бул акча тууралуу коомчулукта ар түрдүү талкуулар күчүндө. Кечээ эле Бакиевдин кумалагына куурай сая албайсыңар таризде маалыматтар тарап, анда Бакиев Акаев кеткени четтен карыз албай, Кыргызстандын экономикасын көтөргөн сыяктуу маалыматтарды анын иниси Акмат Бакиев айтып, маалымат булактарына тараткан болчу. Андан көп өтпөй алардын мындай былыктары чыга келди. Ал акчалар кайдан чыгарылганы так маалыматтар азыр баарына кызык болуп турат. Бир кездеги максим түзгөн ЦАРИнин жетектөөчү кызматында турган Евгений Гуревич Бакиевдер Кыргызстандан 300 миллион доллар чыгарып кеткени тууралуу айтса, экс баш прокурор Аида Салянова басылмаларга Бакиевдердин “АзияУниверсалБанкы” аркылуу гана чыгарып кеткен каражаты 240 миллион долларды түзөт деп айткан эле. Бакиевдердин убагында уурдалып кеткен каражаттарды кайтарып алуу аракети мурдагы баш прокурор Аида Салянованын учурунда башталган экен. Бул иштерди Салянова өзү АКШга барып, иштин башын баштап келгени айтылууда. Бирок, ал жакта процедура өтө оор болуп, узарып кеткен. Ал ортодо Салянова кызматынан кол жууптур. “Мына ошол иштердин жыйынтыгы эми чыгып жатат”-дейт атамекенчи Шыкмаматов, ал иштер тууралуу.

Булак: «Факты»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: