Menu

Жанар Акаев акыйкаттыктан тайып, ушак менен апыртмага өттүбү?

Бөлүшүү:

Парламентте эл үнүн айтып, чындык үчүн күрөшкөн саналуу эле депутат бар. Ошолордун бирөөсү Жанар Акаев. Жанар жаш болсо дагы жалындуу сөздөрү менен эл сүймөнчүгүнө арзыганы чындык. Бирок, Акаевдин жакында “Марал” радиосунан “Кыргызмунайгаз” ишканасы боюнча айткандары депутаттын фактыга таянбастан, апыртмаларга ооп кеткендей элес калтырды. Радионун “Путиндин сапарында “Кыргызмунайгазды” сатуу каралабы?” деген суроосуна, Жанар “Өкмөттүн “Кыргызмунайгазды” өнүктүрүү боюнча эч кандай саясаты жок. Буга чейин элдеги акцияларды жакынкы айларда сатып алып жатат. Кочкор-Атадагы көпчүлүк жарандар акцияларын сатууну каалаган эмес. Бирок, кыстап болсо да ар кандай жол менен сатып алып жатат… Ал жакта азыр башаламан башкаруу” деп жооп берген. Жанар мырза элдин өкүлү болуп олтурган соң Кочкор-Атага барып акциясы барларды ким, качан коркутуп сатып алганын тастыктап албайбы? Ар кандай жол менен кыстап акциясын сатууга аргасыз кылган факты кайсыл жерде, кайсыл орган тарабынан катталыптыр Жанар мырза? Факты болсо ошону мисал келтирип сүйлөбөйсүзбү? Фактысы жок, көчөдөгү сөздөрдү сүйлөө сизге аброй алып келбейт да. Кочкор-Атага келип “Кыргызмунайгаздын” эмгек жамааты же акциясы барлар менен жолуксаңыз, сиздин айтканыңыз ушак сөздөр экенин далилдеп берип, өзүңүздү уяткарат. Эл өкүлү ар дайым элдин сөзүн сүйлөш керек. Сизге дагы жаныңызда олтурган, эски төөнүн көзүндөй болгон кесиптештериңиздин калпты чындай кылып айтып жиберген оорусу жугуп жаткан окшойт. Жаш эле туруп ошол оору менен ооруудан сак болуңуз.

Руслан Камбаралиев, Кочкор-Ата шаары

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: