Menu

Шухраттын башы “шабашкадан” чыкпай калдыбы?

Бөлүшүү:

Өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы агенттиктин директору Шухрат Сабиров жалаң «шабашка» менен шугулданып калганы боюнча кептер көптөн бери айтылып келет. Бирок, премьер-министр тарабынан эч кандай чара көрүлө элек. Монополисттер менен «жең ичинен» иш жүргүзүп, элдин жон терисин тилип жатканы жанды кашайтууда. Тамак-аш, жашылча өсүмдүк, кийим-кече, айтор кайсы жагын караба, эч бир аракет болгон жок. Ал эми кара майдын дүң жана чекене баасындагы айырма 20% жетти. Шаар четиндеги мунай базаларында АИ-92 маркасы 33 сомдон, ичиндеги май куюучу бекеттерде 40 сом болууда. Ал эми дизель майынын дүң баасы 39 сом, чекене баасы 45 сомго жетти. Ортодогу айыомасы 8 сомдон пайыздык чен менен алганда 20 пайыздан ашып кетти. Шухрат муну эмнеге тескебейт? Ачыктан ачык кызыл кулактарга шарт түзүп коюп тегерек сакалдуу «нойон» капчыгын кампайта береби?

Президентибиз региондорду өнүктүрүш керек деп эки жылдан бери какшап, болгон аракетин көрүп жаткан маалда тескери ушатып, майдын баасын асманга чапчытып жатканы Кудайга жагабы? Мына бүгүн жазгы талаа жумуштары башталды. Биз дыйкандардын продукциясын сатканга жардам бере албасак да, жок дегенде кара майдын баасын түшүргөнгө аракет кылышыбыз керек да.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: