Menu

Видео – Өзбекстанда кафесинин түрттүрүлүшүнө нааразы болгон ишкер өзүнө өрт койду

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Термез районунда кафеси түрттүрүлгөнүнө нааразы болгон ишкер райондук акимчилик алдында өзүнө өрт койду. Бул учур тартылган видеону mover.uz сайты жарыялады.

Маалыматка караганда, 27-февралда ишкер Бахтияр Элтонов бийлик анын насыя алып ачкан кафесин түрттүрүп салганын айтып, өзүнө өрт койгон. Анын алдында ишкер бир нече ай бою райондук акимчиликке кайрылып, аткаминерлерге жолуга албай койгонун билдирген.

Район акимчилигинин кызматкери Элтоновдун эч кандай кафеси болбогонун жана өзүнө өрт койгонго чейин аларга кайрылбаганын билдирди.

– Анын насыясы болгон-болбогону бизге белгисиз. Буга чейин бизге кайрылган эмес. Кайрылган болсо жарандардын кайрылуулары катталган китепчеге жазылмак. Ал акимчиликке келип эле шантаж кыла баштады. Курткасына бензин чачып өрт койду, андан кийин анысын чечип салды», — деди акимчилик өкүлү.

Бирок акимчиликтин Капиталдык курулуш бөлүмүнүн кызматкери ишкер Элтоновдун кафеси мыйзамсыз курулгандыктан улам түрттүрүлгөнүн билдирди.

– Ал жолдун жээгине чатыр тигип, анда кафе ачкан. Анысы мыйзамсыз тургузулгандыктан түрттүргөнбүз», — деди ал.

https://www.facebook.com/2124939104438183/videos/237771500511039/?t=0

Күбөлөрдүн айтымдарында, ишкер өзүнө өрт койгондон кийин тез жардам кызматы чакырылып, ал райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын денесинин 20% күйүп калганын билдиришти. Учурда ишкердин өмүрүнө эч кандай коркунуч жок.

Райондук ички иштер башкармалыгынан бул факты боюнча тергөө иштери башталганын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: