Menu

Депутат Насыр Мусаев азырынча депутаттык мандатынан ажыратылбайт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясы депутат болуп шайлангандан бери бир да жолу отурумга катышпаган Насыр Мусаевди азырынча депутаттык мандатынан ажыратпай  турат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында депутат Канатбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Насырбек Мусаев Алматы шаарында дарыланууда.

«Ал ооруп жатат, сакайып кетишинче күтө туралы. Эгерде ал мындан ары депутаттык милдеттерин аткара албай тургандыгы аныкталса, аны мандатынан ажыратууга болот»,-деп белгиледи эл өкүлү.

Эске салсак, Насыр Жумаев 2018-жылдын апрель айында Жогорку Кеңештин депутаттыгына өткөн. Ал ант берүү аземине майыптар коляскасы менен келип, андан кийин бир да жыйынга катышкан эмес.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: