Menu

Руслан Казакбаев, ЖК депутаты: “Окуучулар жаз чыгаары менен чатырга, кыш киргенде клубда окуп жатышат. Биздеги билим берүүнүн абалы ушундай”

Бөлүшүү:

Бейшемби күнү өткөн (28-февраль) Жогорку Кеңештин пленардык жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында депутат Руслан Казакбаев Нарын облусундагы Ак-Талаа, Кочкор райондорунун бир катар мектептери авариялык абалда экенин тизмектеп берди. Депутаттын билдирүүсүндө Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы мектептин, Кочкор районундагы Ак-Кыя, Сары-Булак айылдарындагы мектептердин окуучулары учурда авариялык абалдагы имараттарда, кооптуу жагдайда окуп жатышканын, ошондой эле Сары-Булак айлындагы бала бакча да ошондой абалда экенин кабарлады. Ошону менен
бирге эле «Жаз чыгаары менен чатырга билим берүү улантылса, кыш киргенде айылдын клубунда окуу жүргүзүлүүдө. 21-кылымдагы Кыргызстандын билим берүүсүнүн акыбал ушундай» деген ойду айтып, айтылган бул маалыматын кайрылуу ириетинде түздөн-түз өлкөнүн өкмөт башчысы М. Абылгазиевдин дарегине багыттады.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: