Жакынкы арада өкмөттүн курамы өзгөрүп, бир канча министр кызматынан кол жууганы турат. Алсак, коомдун сынына дамамат туш болуп, жемеден башка ырыстуу сөз укпаган билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, айыл чарба министри Нурбек Мурашев, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Эмил Осмонбетов отставкага кетээри айтылууда. Азырынча булардын ордуна кимдер келээри такталып жатат. Өкмөт башчылык кызматка ылайыктуу кадр табылбай, Абылгазиев болсо өз ордун күзгө чейин сактап калганы кеп болууда…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ