Menu

Кеңешбек Дүйшөбаев, генерал-лейтенат: “Атамбаевдин калп айтканы, туура эмес маалыматтарды элге жарыя кылганынын баары тастыкталып, ал күнөөлүү деп табылды дагы доого жыгылды”

Бөлүшүү:

– Кеңешбек агай, силер 3 саясатчы биригип, Атамбаевдин маегинде айтылган маалыматтар чындыкка жатпайт, ал киши ушак айтып, ар-намысыбызга шек келтирди деп сотко доо арыз менен кайрылган элеңиздер. Бүгүн силердин доо арызды караган сот Атамбаевден үч саясатчынын ар бирине 100 миң сомдон айып өндүрүлсүн деген чечимди чыгарды. Чечимге ыраазы болдуңуздарбы?

– Биз жарым-жартылай ыраазы болдук десек туура болот. Анткени, биздин ар-намысыбызга, адамдык касиетибизге аябай шек келтирип, ыплас сөздөр менен туура эмес, жалган, текшерилбеген фактылар менен бизди күнөөлөп, анын баарын элге жайылткан болчу. Атамбаев бийликте турганда өзүнүн позициясын, оюн айткан журналисттердин баарын соттоп, алардын мүлктөрүн сот аркылуу камакка алып, миллиондогон доо арыздарга жыкпады беле. Анын журналисттерге койгон доосунун эң аз суммасы 3 млн сом болчу. Биз Атамбаев берген сумманы өзүнө келтирген элек. Бүгүнкү соттун чечими менен соттук отурум биздин жеңиш менен аяктады десем туура айткан болом. Анткени биз жеңдик. Атамбаевдин калп айтканы, туура эмес маалыматтарды элге жарыя кылганынын баары тастыкталып,ал күнөөлүү деп табылды дагы доого жыгылды. «Апрель» телеканалы туура эмес маалыматты таратканы үчүн кечирим сурап, аны элге жарыялашы керек деген чечим чыкты. Бул толугу менен биздин жеңишибиз. Биздин соттун чечимине толук канааттанбаганыбыз Атамбаевди өтө эле аз доого жыгып койду. Атамбаев президент болуп турган учурда журналисттерди 3 млн сомго доого жыккандай, аны дагы 3 млн сомдон кем эмес доого жыгыш керек болчу. Биз акылдашып жатабыз, муну менен токтоп калбайбыз. Башка кадамдарды жасайбыз. Аны убакыты келгенде көрөсүздөр.

— Сиз Атамбаевдин “Дүйшөбаев революцияга чейин менден пирожкиге акча сурап жүргөн” деп айткан сөзү үчүн сотко бердиңиз да. Ал киши жанында жүргөн адамдардын баарына жардам бергидей ошондо эле бүгүнкүдөй “мультимиллионер” адам беле?

– Чынын айтсам, Атамбаевдин оокаты канча экенин санаган эмесмин. Санагандын да мага кереги жок. Бирөөнүн акчасын санаган, чөнтөгүн аңдыган абдан туура эмес деп эсептейм. Революцияга чейин өзү айткандай “мультимиллионер” беле, анын адамдык абийиринде болсун. Соттук процессти “Нур ТВ” менен “NЕХТ ТВ” түз алып беришти. Ошол жерде документтерди көрсөтүп, ар бир пункт боюнча Атамбаев айткан сөздөрдүн баарын төгүнгө чыгардым. Анын жактоочулары дагы моюндарына алганга аргасыз болду. Анткени, мени пирожкиге акча сурап жүрчү деп Атамбаев айтты, ошол айтканы боюнча бир дагы далили, фактысы жок экен. Тамеки боюнча болсо, мен өмүр бою тамеки чеккен эмесмин. Тамекиге тыйын сурап жүргөн деген дооматы дагы эч кандай чындыкка дал келбегени сот отурумунда аныкталды дагы, жактоочулары мойнуна алышып, шылкыйып олтуруп беришти. Чындык, акыйкаттык баары бир жеңет. Атамбаевдин ошончолук эле дүнүйөсү бар болгон болсо абийиринде болсун. Бирок, азыркы күндө болуп жаткан чындык, Бишкек ТЭЦинин тегерегиндеги иштер, Тарых музейи, Дастан ишканасы, Чолпон-Атадагы ипподром кимдин ууру экенин даана көрсөтүп жатат. 2010-жылы апрелде, июнда элдин каны төгүлгөн окуялар менен ким миллионер болуп, ким ууру болгонун ачык көрсөтүп, эл баарын билип олтурат. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат. Элибиз айткандай “Ууруну карма деп ууру жүрөт”. Ошондуктан, коомчулук ким ууру экенин аныктап алат.

 – Сиз мурунку соттук отурумда Атамбаевдин айткандарына лингвистикалык экспертиза өткөрөлү деген сунушка, психиатриялык экспертиза дагы өткөрөлү деп тамашага салдыңыз эле. Атамбаевдин өзүн психиатриялык экспертизадан чын эле өткөзүш керекпи?

– Бул сунуш боюнча сот өзүнүн чечимин чыгарды да. Соттун чечиминен чыга албайбыз. Жаран,соттук иштин катышуучусу катары Атамбаевдин айткан сөздөрү эмоциялык жактан же психологиялык жактан алдыргандыктан чыктыбы дегенди лингвистикалык же психиатриялык экспертизадан өткөзгөндө, баары тастыкталып, ордуна келет эле деп ойлойм. Атамбаевдин өзүнүн үзөңгүлөшү, жолдошу, партиялашы Туйгунаалы Абдраимов деген бар. Кесиби боюнча врач. Жаңылбасам медицина илимдеринин доктору. Саясатта чогуу жүрүп, чогуу депутат дагы болушкан. Ошол адам Республикада эки шизофреник болсо, ошонун бирөөсү Атамбаев” деп айткан. Анын бул айтканы интернет булактарга, гезиттерге дагы чыккан. Казакстандын спикеринин “Атамбаевдин психикалык оорусу бар, аракеч” деп айтканы интернет булактарда жүрөт. Лингвистикалык, психиатриялык экспертиза жүргүзө турган болсок, Туйгунаалы Абдраимов менен казак спикеринин айтканы боюнча дагы Атамбаевди экспертизадан өткөрөлү, ошондо мамлекетибизди ким башкарганы билинет эле го деп айткан болчум.

Маектешкен: Орозбек Тагаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: