Menu

Жумадилде уулу “зам” эмес, “сам” болгусу келет…

Бөлүшүү:

Жакында эле «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп барган Мурадил Жумадилде уулу жашабай жатып интриганы мыкты өздөштүргөн неме турбайбы. Дегенибиз, Жумадилде уулу «Кыргызалтынга» көчүгү батып-батпай жатып, орун басар эмес, жетекчи болуу максатында интрига уюштурганы кандай? Жетекчиси Алмаз Алимбековду Жогорку Кеңештеги «шефтерине» (ред. Жумадилде уулу Жогорку Кеңештин тоо-кен тармагын тескеген комитетинде жетекчи болуп жүрүп «Кыргызалтынга» барган) жамандап келип атып, Алимбековдун маселесин Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде карата турган болгон. Тактап айтканда Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетин тескеген Кожобек Рыспаев 26-февраль күнү боло турган комитет жыйынына «Кыргызалтындын» жетекчиси Алмаз Алимбековду чакырткан эле. Күпүлдөгөн Кожокенин чакыруусун чымын чакканчалык көрбөгөн Алмаз Мусаевич жыйынга келген жок. А биз болсо «Кыргызалтындын» ичиндеги интриганын автору Мурадил Жумадилде уулу экендигин жаземдебей баамдадык…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: