Өзүн патриот сезген Канат Исаевдин кыргыздын көк бөрү улуттук оюнунун көкпар болуп казактарга өтүп кетишине себепчи болгон жоругу маалымат булактарында «чыккынчылык» катары сынга алынууда. Көрсө, улуттук мурасыбызга чыккынчылык кылып 2014-жылы эле «Көк бөрү» федерациясынын президенти катары Канат Исаев Казакстанга көк бөрүнүн эрежесин өзгөртүүгө уруксат берип кол коюп берген экен. Тактап айтканда, 2014-жылдын ноябрь айында Казакстан “Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясын” түзүп, ага болгон улуттук оюндарды анын ичинде көк бөрүнү көкпар атап, өздөрүнө таандык кылып кошуп койгон. Бул жерде Эл аралык көк бөрү федерациясы турганда, көкпар Казакстандын атынан кайсы бир ассоциацияга кирбеши керек эле. Тилекке каршы, кыргызга чыккынчылык кылып, ошол кездеги Кыргызстандын «Көк бөрү» федерациясынын президенти Канатбек Исаев Кыргызстандын ассоциацияга мүчө болушун расмий тастыктап, казактардын документине кол койгон. Ал түгүл көк бөрүнү көкпар деп өнүктүргөнгө эле эмес, оодарыш, тыйын эңмей, бүркүт салмай, кыз куумай, жамбы атуу, тогуз коргоол өңдүү оюндардын да казактардын ассоциациясынын атынан өнүктүрүүгө кол коюп берген.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ