Menu

Сагынбек Абдрахманов, “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын жетекчиси: “Атамбаевдин “партияны өткөрүп берем” деген сөзү аргасыздан болууда”

Бөлүшүү:

-Сагынбек мырза, сиздер мурунку президент Алмазбек Атамбаевди КСДП партиясынан  чыгарабыз деп аракет кылып жатасыздар. Экс-президент өзү “Партияны өткөрүп берем” деп айтты. Анын ушул сөзүнө ишенесиздерби? Ал киши партияны башка адамга таштап кетсе, кыймылдын ишин токтотосуздарбы?

– 2017-жылы 11-августта Атамбаев президент кезинде, азыркы президент Жээнбеков премьер-министр болуп, экөөсү жакын дос, бир команда болушуп ынтымакта иштешип жатканда эле Атамбаевдин партияны узурпациялап, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип жатканын айтып чыкканбыз. КСДП партиясынын жаштар канатын жетектеген Ринат Самудинов экөөбүз борбордук аянттагы 7-апрелде каза болгон балдар үчүн тургузулган монументке гүл коюп, ошол жерден Атамбаевге “Сиздин жасап жаткан иштериңиздин баары туура эмес. Партиянын принциптерин бузуп жатасыз. Биз партиянын жер-жерлерде жыйындарын өткөрөбүз” деп кайрылып, кыла турган ишибизди жарыялап чыкканбыз. Ал убакта Атамбаев эч нерсени тоготчу эмес да. Баарын өзүм билеп деп турган мезгил болчу. КСДПнын ардагерлери жөнөкөй эл “Булар партияны уурулардан, коррупционерлерден тазалайт экен” деп бизди колдоп кетти. КСДП тарыхы бар партия болгон соң, Атамбаевдин кылыгынан кийин кээ бир партиялаштарыбыз уялганынан көчөдө баса албай калышкан. Партиянын башына жалаң Акаев, Бакиевдин куйруктары келип туруп алышып, уурулукту, коррупцияны кылгандардын баары ошолор, КСДПнын аброюн дагы түшүргөн ошол адамдар болбодубу. Атамбаев өзү баш болуп, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаевалар алгач “Силердин колуңардан эмне келет? Силерди ким угат?” деп чыгышкан. Москва, Сокулук райондорунда өзүбүздүн жыйынды өткөргөндө “Булар легитимсиз” дешти. Атамбаев өзү болсо бизди “кузгундар, чөөлөр” деп шылдыңдаганга чейин барган. Эми биздин жасаган иш аракетибиз туура экенине көпчүлүк ынанды. Азыр Атамбаев жылаңач калгандан кийин “Партияны өткөрүп берем” дегенге аргасыз болду да.

– Атамбаев партиянын съездинде шайланган мыйзамдуу партия лидери да?

– Атамбаевдин 2018-жылы мартта өткөргөн партиянын съездин легитимсиз деп эсептейбиз. Партиянын уставына кайрыла турган болсок, ошол жерде биринчи жер-жерлерде талапкер талкууланышы керек, жер-жерлердеги баштапкы уюмдардан делегаттар шайланып келүүсү зарыл деп жазылып турат. Мунун баары болгон эмес. Ниязов, Жолдубаевалар бул жакта олтуруп алып эле программа жазышып, жүздөй киши менен Атамбаевди партиянын лидери деп съезд өткөрүп коюшкан. Биз аны тааныбайбыз деп чыкканбыз. Азыр коомдогу интеллигент өкүлдөрүнөн дагы колдоо алып жатабыз. Атамбаев “акшакалдар” деп шылдыңдаган аксакалдар да биз менен жолугуп, жасап жаткан ишибизди туура деп айтып чыгышты.

– Кечээки экс-президент өткөргөн маалымат жыйынын көрдүңүз да. Мурунку менен азыркы Атамбаевдин айырмасы байкалдыбы?

– Биз азыр Атамбаевди жылаңач кылып чечинтип койдук. Азыр ал Сокулук, Москва же Ысык-Ата районунда партиянын жыйынын өткөрө албайт. Мурункудай таасири жок. Жаңы партбилет чыгардым деп жүрбөйбү. Бүгүнкү күндө ошол партбилеттерди дагы тапшыра албай жатышат. Миң кишиге партбилет тапшырсын, анын колунан партбилет албагандарды партиядан чыгарып салам дейби?! Атамбаевдин “Партияны өткөрүп берем” деген сөзү аргасыздан болууда. Азыр Атамбаев жүдөгөн козудай болуп калды. Экс-президент брифинг жарыялагандан кийин “Форумга” эл батпай кетиши керек эле. Ал киши 6 жыл Кыргызстанды башкарган адам. Тескерисинче, азыр анын сөзүн уккандан эл жадап калбадыбы. Брифингде өзүнө караштуу 7-8 журналисти, 7-8 кароолчусу болду. Мени күйгүзгөнү, КСДП оппозицияда күйүп жүргөн 2008-2009-жылдары Жаныш Бакиевдин тапшырмасы менен КСДП партиясынын партиялык билетин коомчулуктун алдында маалымат жыйын өткөзүп өрттөгөн Нурлан Сулайманов азыр Кант, Ысык-Ата КСДПнын координаторумун деп жүрөт. Атамбаев ошолорго окшогон адамдарды саткын, чыккынчы деп айтышы керек болчу. Кечээки брифингде Атамбаевдин жанында ошол Нурлан Сулайманов жүрөт. Эмне, Атамбаев КСДПны Нурлан Сулаймановго өткөрүп береби? Же кыргыз деген улутту паспорттон өчүрткөнү же кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпакты шылдыңдаган Ирина Карамушкинага өткөрүп береби?! Каалаган адамга партияны өткөрүп берчү жеке менчик ишкана эмес. Бул бир гана съездде чечилет. Атамбаевдин тагдырын съездде гана чечебиз.

– Ирина Карамушкинаны сиздер өткөргөн жыйындарга чакыргансыздарбы?

– Ирина Карамушкина Бишкек шаарынын координатору болуп шайланды деп жарыя кылып коюшкан. Ошол жыйында болгону 47 гана адам болгон. Биз өткөрүп жаткан партиялык жыйындарда бери дегенде эле 300 адам катышууда. Өткөргөн жыйындарыбызга Ирина Карамушкинаны “Эгер сен чын эле партиянын Бишкек шаарындагы координатору болсоң кел, жыйынга катыш” деп чакырганбыз. Аны атайын даярдалган ОБОНдор менен келет деген маалыматты уктук. Эгер Карамушкина келип чыр-чатак чыгара турган болсо жыйынга ОБОН аялдарын киргизбегиле, өзүн киргизгиле дегем. Ал Жогорку Кеңештин депутаты, кыргыз эли шайлаган да. 47 адам шайлаган Бишкек шаарынын координатору деген аты бар. Свердлов районундагы жыйыныбыз болуп жатканда жарым саат мурун келип чатак чыгара баштады. Биз ага сөз берсек, өз оюн айтса, биздин резолюция туура эмес болсо пикирин билдирет деп ойлогом. Тескерисинче, айтпаган сөздү айтып, өзү шерменде болуп кетпедиби. Биз Ата-баевдин кылыгын видео тасма аркылуу көрсөттүк да. Ошондон кийин эшикте турган ОБОНчу аялдарын ээрчитип кетип калды.

– Мындан бир аз мурун Атамбаев элдешкени ортого адам салып жатканын айттыңыз эле. Ортомчулар токтодубу?

– Ортого түшкөн адамдар мага келгенде, эмне үчүн барам? – дегем. Атамбаев президент болуп турганда, президенттиктен кеткенден кийин да иниси, айылдашы, үзөңгүлөш партиялашы катары болгон аракеттерди кылдым. Ал тургай бир аксакал киши мага келип, “Сашка, сени кабыл албай жатса, илгеркидей эле бир бөтөлкө арагың менен колбасаңды көтөрүп алып барчы” деп суранды. Мен ошону да кылдым. Кабыл албай койгон. Эми убакыт өтүп кетти. Бүгүн Атамбаевдин алдына бара албайбыз. Миңдеген адамдар колдоп жатса алардын ишенимин таштап Атамбаевдин алдына кантип бармак элем? Кийин жолугушууга чакырганда деле баралбайбыз деп койгом.

-КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева сиз баштаган кыймылдын артында бийлик, Асылбек Жээнбеков турат деп билдирди? Асылбек Жээнбековго таянып ушул ишти улантып жатканыңыз чынбы?

– Эгерде Кундуз Жолдубаева айткандай Асылбек Жээнбековдун таасири күчтүү болсо, чын эле бизди колдосо, биз өткөрүп жаткан жыйындарда акимдер, губернаторлор, айыл өкмөттөр, жетекчилердин баары тизилип турбайт беле. Өзүбүздүн күчүбүз менен айылдарга барып, алыбыздын жетишинче жыйындарды өткөрүп жатабыз. Эгер чын эле бийлик бизди колдоп жатса, жыйындарыбызга элди автобус менен ташып келип өткөрөт элек да. Бийлик же Асылбек Жээнбеков колдойт деген Жолдубаева биз олтурган офиске келип, кандай шартта экенибизди көрсүнчү. Бийлик колдосо заңгыраган офисте олтуруп, техникалардын баарын коюп, кофе ичип кенен олтурмакпыз. Бизде эч нерсе жок. Асылбек Жээнбеков колдогон болсо, биз жаңы жылга чейин эле партиянын съездин өткөрүп, азыр жер-жерлерде партиянын баштапкы бөлүмдөрү менен иштеп, гүлдөтүп аткан болот элек.

– Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы сиздерди кабыл алгандан кийин болду эле. Ошол киши колдоп жаткан жокпу?

– Иса Өмүркулов менен мамилебиз жакшы. Ал киши биринчиден биздин агабыз болот, аны сыйлайбыз. Кыймылды баштап жатканда ал кишиге фракция лидери катары жасай турган аракетибизди айтканбыз. Ишти баштаганыбызда фракция лидери катары бизди деле кабыл албайсызбы, биз дагы партиянын мүчөлөрүбүз? – деп кайрылганбыз. Силер өз алдыңарча болуп бөлүнүп алдыңар деп айтып жүрдүк. Атамбаев КСДПны меньшевиктер жана большевиктер кылып экиге бөлүп койду. Меньшевиктер жалаң байлар. Ошолор өткөн жылдын март айында Атамбаевди лидер кылып коюшкан. Большевиктер болуп карапайым эл калды. Акчасы барлар кызматты, депутаттык мандатты сатып алышып олтурушат. КСДПнын акчалуу элитасы менен карапайым элдин ортосунда күрөш барган сайын күчөйт.

– Кечээ эле “Иса Өмүркулов күндүз биз менен жолугушуп сүйлөшөт, кечинде эмнени ойлоп жатканын билбейбиз” деп айтпадыңызбы?

– Журналист “Иса Өмүркулов күндүзү силер менен жолугат, кечинде эмне кылып жатат?” деп сурады. Мен ошол суроого жооп бердим. Ооба, Иса Өмүркулов күндүзү биз менен жолугушуп, “Атамбаевсиз КСДП” деген кыймылды колдойм” деп ай-ып жатат. Кечинде эмне кылып жатканын билбейбиз да.

– Атамбаев 2020-жылы КСДПны баштап бара турган болду. Мүмкүнчүлүк бересиңерби?

– Атамбаев кайсыл партияны баштап бара турганын билбейм. КСДПны баштап барам дегенди өзүнүн оозунан укканым жок. Ал сөздү Кундуз Жолдубаева, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова айтышты. Биз Кудай буйруп съездге жетсек, ошол жерден Атамбаевди КСДПдан кетиребиз. Ал партиянын принциптерин бузду. Атамбаевдин партияны жетектемек түгүл, партиянын мүчөсүмүн дегенге моралдык укугу жок. Эгер КСДП менен шайлоого бара турган болсо 2 пайызга жетпеген добуш алат. Азыр анын бетине эл түкүрөт. Кайсыл бети менен мен акмын деп шайлоого барат?

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: