Menu

Чүй кланы эмнеге Көк бөрү федерациясын көк бөрүгө тартышты же кайрадан генерал капитанга “честь” берген заманга келебизби?

Бөлүшүү:

27-февраль күнү Көк бөрү федерациясында кутум уюштурулуп, УКМКнын абагынан жаңы эле чыккан Канат Исаев менен анын окуучусу, “Чемпион” деген каймана аты бар, азыр Токмоктогу контрабанда чуусу менен элге таанылган депутат Урмат Самаев күтүүсүз жерден “съезд” уюштуруп, “федерациянын президенти Жыргалбек Саматов кызматтан алынды, анын ордуна  “Түндүкэлектро” ишканасынын төрагасы Искендер Кадыркулов шайланды” деп жарыялашты.

28-февраль күнү Ысык-Көл облустук Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Канат Хасанов телеканалдардын бирине интервью берип, “Канат Исаев менен Урмат Самаев уюштурган съезд легитимсиз жана анын президентти алмаштыруу тууралу чечимдери легитимсиз” деп жарыялады. Съездге күтүүсүз чакырылгандардын көпчүлүгү Канат Исаев менен Урмат Самаевдин максаты федерациянын президентин алмаштыруу экенин түшүнүшкөндөн кийин съездди таштап чыгып кетишкен. Ошондуктан Канат Исаев менен Урмат Самаев өздөрүнүн аз сандагы, 25тей тарапкерлери менен калып, президентти алмаштыруу жөнүндөгү легитимсиз чечимин жарыялашкан.

“Биз 300 миң мүчөсү бар Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президентин аз сандагы 25 киши чечип коюусуна жол бербейбиз, президентти кызматтан алууну жана жаңы президентти шайлоону федерациянын легитимдүү гана съезди чечет” деп билдирди Канат Хасанов.

Канат Хасановдун айтымында коомдук уюм болгон Көк бөрү федерациясынын съезди Чүй облустук мамлекеттик администрациянын имаратында өткөн. Ал имаратта Чүй облусунун “губернатору” Туйгуналы Абдраимов кожоюндук кылары узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына белгилүү. Ошондой эле Канат Исаев, Урмат Самаев, Туйгуналы Абдраимов, Искендер Кадыркулов бир Чүй кланында турушары да айтылып келет. Коомдук уюм болгон Көк бөрү федерациясынын съездин мамлекеттик олуттуу имаратта өткөрүшкөнү бул көк бөрүчүлөргө жана Жыргалбек Саматовго “Бардыгы жогору жак менен макулдашылган, кыйшаңдабагыла! Баары биз айткандай болот” деген кыйытма эле.

Чүй кланынын азыркы максаты – бул премьер-министр менен спикерлик кызматты баса жыгылуу экени буга чейин айтылып келген. 27-февралда Чүй кланы Кыргызстандагы каржы агымдарынын бири болгон “Түндүкэлектронун”  төрагасы Искендер Кадыркуловду Көк бөрү федерациясына президенттикке алып келүү менен бир ок аркылуу эки коён аткысы келет. Көк бөрү федерациясы бул саясый бейстабилдүүлүк учурларында бийликти атчандар менен коркутууга ыңгайлуу курал же тескерисинче биз силерди колдогонго мынча атчан алып чыгабыз деп алдаганга пайдаланышат. Андан сырткары Искендер Кадыркуловду мартабалуу коомдук кызматка көтөрүү менен Чүй кланы өзүнүн катарын дагы бир таасирдүү фигура – УКМКнын төрагасы (Искендер Кадыркуловдун бир тууган иниси) Идрис Кадыркулов менен кошумча чыңдагысы келет. Анын үстүнө Канат Исаевге козголгон кылмыш ишин УКМК иликтеп жаткандыгы белгилүү. Азырынча сот Канат Исаевди үй камагына гана чыгарган. Үй камагындагы кылмышка шектүү адам өз жумушуна барууга укугу бар болгону менен жумуштан башка мамлекеттик жайларда саясый интригаларды уюштуруп жүрүүгө укугу барбы ага адистер жооп бериши керек.

Баса, Канат Исаев жана анын айланасындагылар Бакиевден кийинки президент Атамбаев менен деле шилекей алышкан дос болуп жүрүшкөн. Туйгуналы Абдраимов БШКнын төрагасы, Канат Исаев болсо Атамбаевдин саясый комбинацияларынын алкагында КСДПга клон болгон “Кыргызстан” партиясын түзүп, парламенттик шайлоого катышып, Атамбаевдин жасалма шайлоосунун негизинде түзүлгөнүнө 1 жыл боло элек партия парламенттик партияга айланбады беле. Чүй кланы түзгөн “Кыргызстан” партиясына “кошелёк” кылып Атамбаев Канат Исаевге белгилүү олигарх “Шакини” байлап бергенин да көпчүлүк билет. Анан эле 2016-жылы Атамбаев спикерликти убада кылып, бирок кийин спикерлик кызматка келишине жардам бербей койгону үчүн гана Атамбаевге оппозицияга кетип, акыры Атамбаевдин каары менен камалып калбады беле.

27-февраль күнү Канат Исаев менен Урмат Самаев Чүй облустук администрациянын имаратында эч кандай эрежелерди сактабай туруп, “нагло” эле федерациянын президенти Жыргалбек Саматовду кызматтан бошодуң деп жарыялап, анын ордуна өздөрүнүн кланындагы кишини президент кылып шайлап коюшу – бул “биз каалаганыбызды кылабыз, биз ситуациянын кожоюнубуз” деген өз билемдик эмеспи. Эмне Жыргалбек Саматов көчөдөгү кишиби, ал учурунда парламенттин депутаты болгон. Борбор Азия көк бөрүчүлөрүн чакырып, 50 миң адам катышкан дүңгүрөгөн той берип, ошолорго көк бөрү тарттырбады беле. Анан да Жыргалбек Саматов президенттин жердеши болот, аны мыйзамсыз “нагло” кууп чыгуу менен кутумчулар “биз эч кимди тоотпойбуз, биз баары менен тең ата сүйлөшөбүз, биз бул жерде кожоюнбуз” деп кыр көрсөтүп жатышпайбы?

“Атамбаев чүйлүктөрдү көтөрүп чыгат” десе эле “аларга биз контркүч болобуз, Атамбаевди ордуна коёбуз” деген күчтөр учурдан пайдалангысы келип жатышат. Ошентип жатышып, Чүй кланына УКМКнын төрагалыгын, ИИМ министри сыяктуу бир нече үлкөн кызматтарды илип кетишти. Эми болсо премьер-министрлик менен спикерликти мээлеп турушат.

Аргасыздан 2006-2010-жылдар эске түшөт, анда да Чүй кланы Бакиевдин айланасындагы күчтөрдү “бул жерде биз бирөөнү да баш көтөртпөйбүз, баарын ордуна коёбуз, силерди биз гана сактап калабыз” деп ишендиришип, Канат Исаев Токмокко мэр болуп дайындалган, анын агасы Талант Исаев Ички иштер министринин орун басары кызматына жетип, Бакиевдин колунан генерал наамын алган. Сары-Өзөн-Чүй коомунун лидери Сабырбек Курманалиев ИИМ министринин биринчи орун басары кызматын ээлеп, генерал наамын илип түшкөн. Мурат Суталинов ИИМ министри, кийин УКМКнын төрагасы мансабына жеткен. Данияр Усенов президенттик аппараттын жетекчиси, кийин премьер-министр кызматын ээлеген. Туйгуналы Абдраимов Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматын эңип түшкөн. Бул тизмени уланта берсе болот, бирок жыйынтыгы кандай болгон?

2010-жылы 7-апрель күнү булардын баары көрүнбөй калышкан, көбү качып кетишкен. Ал эми Сары-Өзөн –Чүй коомунун лидери, Ички иштер министринин биринчи орун басары, генерал Сабырбек Курманалиев милициянын отставкадагы капитаны Болот Шерниязовго “честь” берип, министрликти аскерлери менен кошо кутумчуларга өз колу менен өткөрүп берген. Баягы “баарын биз жайлайбыз” деген убадалардын бири да аткарылбай калган. Азыр берилип жаткан убадалар деле эртең суу кечпей калары бештен белгилүү. Бүгүн ооз көптүрө айтыла берет, эртең беш мүнөттө унутулат. Ошондуктан регионалдык кландардын кызыкчылыгын четке кагып, бийлик кызматтарына чыныгы кесипкөйлөрдү гана алып келип, Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүн чыңдоо менен гана алга жылууга болот.

Ал эми КР Көк бөрү федерациясындагы кутумдарга да мыйзам чегинде баа берилип, анын президенттик кызматы көк бөрүгө тартылбай , легитимдүү съездде гана чечилиши керек.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: