Menu

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Биз үчүн кыргыз ишканаларынын товарларын россиялык соода тармактарына жеткирүү көлөмүн жогорулатуу маселеси өзгөчө мааниге ээ

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-мартта Бишкек шаарында Кыргыз-Россиялык Өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын 21-жыйыны болуп өттү. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынды ачууда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, кыргыз тараптан Өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Жеңиш Разаков белгилегендей, бүгүнкү жыйын кыргыз-россиялык эки тарпатуу мамилелер үчүн маанилүү окуянын – Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин  Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары алдында өткөрүлүп жатат.

«Россиялык тараптын колдоо көрсөтүүсүнө жараша, биздин республика Евразиялык экономикалык биримдикке активдүү интеграциялашууда. Россиянын гранттык көмөгү аркылуу тышкы чек аралардагы көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарын молдернизациялоо боюнча чоң иштер аткарылууда, ветеринардык, фитосанитардык жана башка тармактарда техникалык жардам көрсөтүлүүдө. Аталган колдоо көрсөтүүнүн негизги жыйынтыгы катары россиялык тараптан 2007-жылы кыргыз этин киргизүүгө карай чектөөлөрдүн алынып салынышы эсептелет», – деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу жана келечектүү багыттарынын бири катары соода-экономикалык, инвестициялык өнөр жай жаатындагы өз-ара аракеттешүү саналарына басым жасады.

«Биздин ортобуздагы өз-ара соода көлөмүн өстүрүү үчүн чоң потенциал бар. Россия Федерациясы биздин негизги соода өнөктөшүбүз болуп саналат жана товар жүгүртүү көлөмү боюнча экинчи орунда турат. 2018-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 1 млрд 554 млн АКШ долларын түзүп, 3,7%га жогорулаган. Экспорт 314 млн АКШ долларын түзүп, 18,2% жогорулаган, ал эми импорт 1 миллиард 240 млн АКШ долларга жогорулап, өсүш 0,6% түзгөн. Биз бул багыттагы ишти улантуубуз жана Россия менен болгон товар жүгүртүүнү 1-орунга чыгаруубуз зарыл деп эсептейм», – деп билдирди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы 2019-жылдын март айынын соңунда өтө турган VIII Аймак аралык конференциянын жыйынтыгына чоң үмүт артат.

«Биз атамекендик продукцияны Россия аймактарына өз-ара ташууну ишке ашыруу үчүн аймактар аралык түз байланыштарды орнотуу маанилүү деп эсептейбиз. Буга байланыштуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты алга жылдыруу боюнча биргелешкен Жол картасын иштеп чыгуу максатка ылайык деп санайбыз. Бул соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүгө дем берет», – деп билдирди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары – Өкмөт Аппаратынын жетекчиси, россиялык тараптан Өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Константин Чуйченко маалымдагандай, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына карай мамлекеттик сапары 2019-жылдын 28-мартында орун алат.

«2018-жылдын жыйынтыгы боюнча, эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнүн кескин өсүшү байкалууда. Бул тенденцияны бекемдөө керек. Бүгүнкү жыйындын күн тартибинде бир нече жогорку технологиялык демилгелер бар. Алардын катарында жол-транспорттук кырсыктарга шашылыш жооп кайтаруу тутумун түзүү, электрондук өкмөт жана “Коопсуз шаар” жаатындагы долбоорлор бар. Дагы бир демилге – бул Кыргыз Республикасында күн энергетикасы үчүн жабдууну өндүрүү. Маселелердин көлөмдүү блогу гуманитардык кызматташтыкка тийиштүү», – деп белгиледи ал.

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынтыгы боюнча Кыргыз-Россиялык Өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын 21-жыйынынын Протоколуна кол коюлду.

Өкмөттөр аралык комиссиянын Протоколунда экономика, соода, финансы, транспорт, энергетика, курулуш, инновациялар, айыл чараба, билим берүү, маданият жана саламаттык сатоо жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүнүн маселелери чагылдырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: