Menu

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Баткен облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Баткен облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна жана Бишкек шаардык сотуна 1ден талапкерди, Жалал-Абад облустук сотуна — 9 жана Баткен облустук сотуна 4 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

2019-жылдын 22-февралында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 10 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы 5 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү соттордун 10 талапкери боюнча Жарлыктарга кол койду.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 10 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Бишкек шаардык сотуна — Абдымомунова Жамиля Канатбековна;

— Жалал-Абад облустук сотуна — Абдыразаков Өмүрбек Анарбекович, Акбаров Шакирали Айтбаевич, Бекташов Сүйүнбек Исраилович, Ботоев Ильяс Кулубаевич, Токтосун уулу Каныбек;

— Баткен облустук сотуна — Абдураимов Арзыбай Базарбаевич, Азимжанов Мадамин Низамидинович, Алимкулов Нургазы Халилович, Кожобекова Гүлмира Турдумаматовна жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2019-жыл 2-март

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: