Menu

1-марттан 31-майга чейин шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык өтөт

Бөлүшүү:

2019-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык өтөт. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Үч айлык өткөрүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында кабыл алынды.

Жарыяланган үч айлыктын алкагында төмөнкү иш-чаралар камтылган:
– көчөлөрдү, короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү;
– администрациялык жана турак жай имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү;
– көчөлөрдө түнкү жарыктандырууну орнотуу;
– тосмолорду, дувалдарды талаптагыдай түргө келтирүү;
– жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү;
– калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү;
– муниципалдык жолдорду оңдоо;
– социалдык чөйрөнүн жана айылдык инфраструктура объекттерин оңдоо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: