Menu

Видео – Акылбек Жапаров: “Кыргызстан 26 жылда сырттан $10 млрд алыптыр, $7 млрд кредит, $3 млрд грант экен, мен ошондой гранттарды сарамжалдуу пайдаланалы деп айткам”

Бөлүшүү:

-Кечээ сиз радиолордун бирине берген интервьюңузда Кыргызстандын облустарынын ар бирин бирден өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүү тууралу айтканыңыз катуу сынга кабылды, сиз өзүңүз бул тууралу эмне айтат элеңиз?

-Ал жерде ар бир облусту бөлүп берели деген ой болгон эмес, ал жерде гранттар жөнүндө сөз болуп жатат. Акыркы 26 жыл ичинде 3 млрд доллар грант алган экенбиз, ал акчалардын баары эле консультацияларга, ар кайсы тармакка, ар кайсы айылга бөлүнүп кетип, биз ошол акчаларды сарамжалдуу, эффективдүү пайдаланбай калыптырбыз да. Ошондуктан ар бир чоң грант берген өлкөлөргө, мисалы үчүн Россия эң көп грант берген, 161 млн долларга чейин грант бериптир, Япония 150 млн доллар грант берген экен, немис мамлекети көп грантт арды берген. Ошол гранттарды адрестүү түрдө, өзүбүздүн өнүгө турган облустарга жумшоо, сарамжалдуу пайдалануу  жөнүндө сөз болгон…

-Сиз интервьюңузда ошол облустарга жардам берген өлкөнүн туусун илип коюш керек , Кыргызстанда 40 элчилик бар экен, ошолорго 40 районду бөлүп бериш керек деп жатпайсызбы? Мындай сөздөр Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө, бүтүндүгүнө шек келтирет деген сөздөргө кошуласызбы?

Жок, мен кошулбайм, анткени мен кайсы жерге өнүккөн өлкөнүн желеги келсе ошол жерге ал өлкөнүн желеги илинип туруш керек деп айтып жатам.Биз көрүп турушубуз керек, кайсы жерге кайсы өлкөдөн канча акча келди, аны кайда жумшашты, андан кандай пайда болду, биз ошону көрбөй жатабыз. Мына мен 4 айдан бери ошол чет элдик гранттар боюнча депутаттык топту жетектеп, иликтеп жатабыз, бирок көрбөй жатабыз. Учетто бар, бирок балансы жок, изин таптык, бирок кайсы жерде эмнеге жумшалганы белгисиз.  Азыр Балыкчы шааарына кире берген жерде Япония өлкөсү грант берип, желегин илип коюп, өрүк тиккенди үйрөтүп жатат. Кыргыз-орус фонду акча берген жерлерде Кыргызстан менен Россиянын желеги илинип турат. Баары ушундай болуш керек, коомчулук мунун баарын билип турушу зарыл…

-Социалдык тармактарда сиздин бул оюңузду колдошкон жок, кандай түшундүрсөңүз да сизди депутаттыктан чакырып алалы дегенде болуп жатат…

-Ар ким өз оюн айтууга укуктуу, менин 2008-жылы айткан оюмду 2018-жылы түшунушпөдү беле… Биз 26 жылда өнүккөн өлкөлөрдөн 10 млрд доллар акча алыпбыз, анын 7 млрд доллары кредит, 3 млрд доллары грант экен. Ошол акчаларды сарамжалдуу пайдаланалы деген сөзүмдү дагы бир күнү түшүнүшөр. Ал эми шайлоочулар тууралу айтсам, алар президент менен депутатка 5 жылда бир жолу гана баа бере алат. Жакпаса 2020-жылы шайлабай коёт. Алардын ошондой укугу бар..

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: